Пример HTML-страницы

Ош облусунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кечээ, 20-марттан тарта күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери облустун аймагында Нооруз майрамына байланыштуу салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү жана даярдык көрүү учурунда коомдук коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөө максатында күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаган.

«Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Чоң-Алай райондорунун аймагында ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери коомдук тартипти камсыздап жатышат. Ушул сааттарга алынган маалыматтарга ылайык, Ош облусунун аймагында Нооруз майрамына байланыштуу иш-чара учурунда эч кандай тартип бузуулар катталган жок», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE