Пример HTML-страницы

Москва районунда милиция кызматкерлери окуучулар арасында спорттук таймаш өткөрүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-февралда Чүй облусунун Москва районунда милиция кызматкерлери «Жаштардын достугу жана биримдиги үчүн» аттуу спорттук таймаш өткөрүштү. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясынын жетекчиси, милициянын майору Мээрим Тиленчиева билдирди.

Спорттук таймаш Беловодск айылындагы «Урожай» стадионунда өтүп, 10 команда катышты. Алар: Беловодск №2, №3, Ак-Суу №1, Арбуду, Беш-Көрүк, Мирошниченко, Бажан, Петровка, Биринчи Май жана Бакиров атындагы орто мектептеринин 8- 9-класстарынан курамы командалар катышты.

Анда капитан команданын саламдашуусу, 100 метр, 1 чакырым аралыкка чуркоо, денени көтөрүү жана башка спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында Кылмыш-жаза кодексине ылайык: «16-18-жаштагы балдарга канча айып пул салынат?», «Балдарга кайсыл убакта чоңдордун коштоосуз көчөдө жүрүүсүнө тыюу салынат?», «18 жашта жасалган кылмышка жазанын кандай түрлөрү колдонулушу мүмкүн?» жана башка суроолор берилип, алардын билим деңгээлин калыстар тобу баалашты.

Жыйынтыгында, жалпы командалык эсеп менен:

— 1-орунду Бакиров атындагы орто мектептин;

— 2-орунду Мирошниченко атындагы орто мектептин;

— 3-орунду Бажан атындагы орто мектептин курама командаларына берилди.

Аларга ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан медалдар жана ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE