Пример HTML-страницы

Мен апамды сагындым 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=8249&preview=true Кызыктуу окуялар.

«»»МЕН АПАМДЫ САГЫНДЫМ»»
12-БӨЛҮМ.
—Ата,апаа силер менен сүйлөшүшүм керек.Келсеңиздер….
—Ой иий балаң он сегизге эми эле толуп алып сүйлөшкүсү келип калыптыр кемпир.Мен жүрүптүрмүн да жыйырма бешке чыккыча.Бас эми сөзүн угалы..
—Ой мунуңдун сөзүн билем,баягы эле жаңы машина же дагы бир балакет.Ай бала жөн олтурчу эк биздин акча чыгарган заводубуз жок.Өзүң иштеп баштаганча эч нерсе жок сага,ансыз деле контрак төгүп жатабыз сага сексен миңдей.Сессияң менен жүзгө чыгып кетип жатат.
—Апа жөн уксаң анан урушасың.Мен силерди сыйлайм ата-апа,силерге өмүрүмдүн аягына чейин ыраазымын..Бирок,азыр айта турган сөзүмдү четке каксаңар өмүр бою бактысыз болуп калышым мүмкүн.
—Ай катыгүн тынччылыкпы?Айткам көп баскан бок басат деп эмне бирөөнүн балеесине калдыңбы?
—Жок дейм,болгону үйлөнөм дейин дегем,болобу?
—Жубарымбек десе сен биринчи мурдуңду эптеп тартып алып анан сүйлөчү.Биздин көзүбүзгө сен кичинекей көрүнөсүң.Быйыл араң үчүнчү курссуң,ал университет турат алдыда.Кайдагын айтпачы.
—Апа үйлөнөм дедимби үйлөнөм,мен аны жакшы көрөм.
—Алтынай басылчы сен,Кудайберген мейли дейли.Бирок,сен араң он сегизден өттүң кыз канчада ошондо?
—Кыз бул Тамара ата..
—Эмне деейт кокууй,сен мени ажалымдан беш жыл мурун өлтүрөйүн деп жатасыңбы?Жанакы Тамарабы?
—Ооба дал өзү апа.
—Үйлөнбөйсүң дедимби үйлөнбөйсүң.
Ушул жумадан калбай Англияга кетесиң,карап кой сөзүн.
Сен эгер ошого үйлөнчү болсоң мен ошол күндү көргүчөм өлгөнүм артык.
—Эй Алтынай эмне деп жатасың?Сен эмнеге өлмөк элең балаң үйлөнүп жатса.Бала ошону кааладыбы демек ошондой болот.
—Болбойт,болбойт точка болду.
—Апа точка эмес мен баарыбир аны алам.Эмнеге болбойт ошону айтчы.
Буту протез болгону үчунбү же ата-энеси жок болгону үчүнбү?
Эгер ошол кыз сенин кызың болгондо бирөө теңине албай турса эмне кылат элең,ойлодуңбу?
—Экөөңөр тең басылгыла,кыз маакул болсо ала бересиң.Ал дагы кудайдын пендеси,буту антип калганына ал күнөөлү эмес..
—Анын буту бир жашка толоорунда эле күйүп кетип,алып салууга туура келген экен.Мындай бир соонун эле кыз апа ата..
—Силер чындыкты билбейт экенсиңер,мен айтайын анда.Алтынбек сен айт..
—Эмнени айтам?
—Ошончо жылдан бери балаңдан жашырганыңды айт,калганын мен улайм..
—Анын эмне тиешеси бар Алтынай?
—Бас экөөбүз биринчи сүйлөшүп алалы өзүнчө..
Эмне чындык экенине кызыккан Кудайбергенди таштап экинчи этажга чыгып кетишти..
—Алтынай жинди болдуңбу,мунун буга эмне тешеси бар.?Өмүр бою айтпайбыз дебедик беле…
—Айтпасак болбойт Алтын туура тиешеси бар.Баягы күнү Тамара сүрөт кучактап уктап калган экен, карасам сүрөттө Кенже туруптур.Тамара Кенженин кызы экен түшүнөсүңбү..Балаңдан эки класс кичине болсо,бизден кетип дароо турмушка чыкса керек.Эжем бар деп жатпады беле анысы бир-тууган эмес окшойт.
Кудайберген биздин бала болгону менен баарыбир тиги кыз менен бир карындан чыккан..Сөзсүз кичине болсо дагы таасири тийип кийин балдары кандай болот элестетсең.
—Бул айткан сөздөрүң чынбы?
—Алдап эмне кылам Алтын,ишенбесең сура келгенде.
—Бас оозуңду,токто муну биз айтпайбыз балага.Оор тийип калышы мүмкүн.Баланы үйлөйбүз бирок,башка кызга.Билесиңби Эсен барго баягычы Бишкеке МЕР болбодубу,ошол кызын Кубага айттыргандай болгон.Доспуз да экөөбүз катташын улагысы келет.Анын үстүнө балаң окуусун бүтсө жакшы жумушка кирип бат көтөрүлөт.Калганын мага кой өзүм айтам болду..
—Ий кудай иши кылып баары жакшы бүтсө экен.Каттуу айтпа балага.
—Куба басчы бери.
—Ийи ата эмне болду?Чындыгыңарды айткыла..
—Балам,чындык ушундай сени менен Эсен аяш атаңдын кызы Дариканы мурун эле кудалап койгонбуз.
Эгер сен башкага үйлөнүп алсаң менин бизнесим жок болуп кетиши мүмкүн.Сен дагы келечексиз каласың,мейли дейли Тамараны алган күндө деле ал барган сайын оорусу күчөй берет.Эртең эле баса албай калса апаң иш кылабы эмне?
Сен жалгыз баласың,биринчи бизди ойлошуң керек балам.Ата-энеңден бир кыз үчүн кечесиңби?
—Ата мен силерден дагы Тамарадан дагы кечпейм.Тушунгүлөчү ата мен аны сүйөм,ал жанымда болсо өзүмдү толук жандуу сезип жакшы жүрөм.Алыста болсо бир нерсемди жоготкондой боло берем.
—Сөз бүттү балам,жок дедимби демек жок.Ушул айда тойду тездетип өткөрөбүз,үйлөнөсүң..
—Ата анын кызы менден эки жаш улуу,албайм мен.Тамараны албасам мен омүр бою үйлөнбөй өтөм.
Алтынай баласынын көгөргөнүн көрүп,жинденип жүрөгү кармап калды.Тез жардам чакырып ызы-чуу болуп кетти.
—Сиз жолдошу болосузбу?
—Ооба мен айта бериңиз.
—Аялыңыз микро инсульт кармаптыр,бул албетте анча коркунучтуу эмес.Бирок экинчи жолу кармаган аябай жаман.Адам өлүп дагы калышы мүмкүн.Аялыңызды жакшылап караңыз.Мен жазган даарыларды убагы менен ичирип,анан тынчтыкта тынчын ала турган жагдайдан алыс кылып караңыз ошол үчүн.
Эмне анча каттуу ойлонгон билбейм.
Догдурдун айтканын угуп,Куба аргасыз башын мыкчып калды.Апасынын амандыгын,атасынын бизнесин ойлоп Кудайберген Эсендин кызы Дариканы алууга маакул болду.
Күндөгүдөй Тамара ишине келди.
Үй-бүлөө мүчөлөрү бир нерсени айта албай турушту.Тамара көз караштардан дароо түшүндү,алдыда оңой эмес кеп күтүп турганын.
Үйгө кирип столго жайгашып олтурду.
-Саламатсыңарбы,мен угуп жатам.
—Эмнени угуп жатасың Тамара?
—Сиздер айта албай турган кепти.Мен баарын түшүнөм айта бергиле,мен үчүн кам санабай.
—Кызым,сен эң жөнөкөй,түшүнүктүү кыз экенсиң.Сага биз жакшылыктарды эле каалайбыз.Окууга тапшыра албай жүргөнүңдү билебиз.Алтын байкең Куба окуган коледжге коңгуроо кылып сени айтып койду.Барсаң дароо кабыл алат.Үч жылдык контрагыңды төлөп койдум,бул арзыбаган акчаны ал дагы оку кызым.Сенин бизге бир жыл кылган кызматыңа ыраазыбыз,келечегиңди ойло эми.Мен иштен айдаган жокмун,болгону сага ыраазы болуп окусун деп чечтик..
—Мм,чечтиңерби?Мен үчүн ар дайым бирөө чечип келген негизи.
Дайыма мага аяоо менен карап мамиле кылышкан.Менин бир бутум жок майып болсом,көбүнүн мээси жок майып.Аларды эмнеге аяп карашпайт?Эже рахмат мени ойлоптурсуңар,ыраазымын болгону мени ыйлатканы мен ушунчалык байкуш көрүнгөнүм..Ыраазымын рахмат.Бүгүн акыркы иш күнүм болсун анда!-деп Куба тарапты карады эле Куба шылкыйта башын жерге салды.Кечеги күнү Куба баарын үйдөгүлоргө айтам деп кетпеди беле,бул ошол сүйлөшүүнүн жыйынтыгы экенин ачыктан ачык сезди.Ордунан туруп ыйлап үйүн жылтырата жыйнап жатты.Бат эле бүтүп тамак жасоого өттү.
Этти казанга асып,анан Оштун ашын кызарта демдеп баштады.Колуна камыр жайып,беш-бармак жасады.
Торт дагы эки түр салат жасап,дасторкон салып коюп аста үйдөн чыгып кетти..
Үйүнө келип бук түшө соороно албай жатты.Тамарага желкесинен кармап көчөгө сүйрөп чыгып койгондой эле сезилди.Бул адамдарды өзүнө жакын кабыл алып,чын жүрөктөн жакшы көрүүгө жетишкен эле.
Кубанын сөзүнөн кийин мынтишсе демек,мени баласына тең көрбөптүр деп түшундү..
—Тамара эмне болду жаркылдагым?
—Эже,мени иштен айдашты окшойт.
—Эмнеге айдайт?Эмне дешти.?
—Оку дешти,коледжге сүйлөшүп,контрагымды төгүп коюшуптур анан могу конвертти берип жолго салышты..
—Ай жинди кыз сага жакшылык кылыптыр кайра.Мына экинчи жылы дагы окууга тапшыра албай жүрдүң эле рас болгон тура.Карасаң конвертиңде дагы жүз миң бар экен.Сүйүнсөң кайра Тамара.Жездең мына өз алдынча басып бир топ жакшы.Эми толук айыкканча балдар менен үйдө болуп турса,мен иштейм.Баардыгы жакшы болот Тамара.Сен андан көрө эртеңден калбай окууңа барып документтериңди тапшырып кел.Анан бул акчаңдан он миңине кийинип сентябрьдан баштап кычырап студент бол Таранчым.
Баардыгы жакшы капа болбо.Же мен билбей турган дагы бир нерсе барбы?Жашын тыя албай башын «ооба»дегендей ийкеди.
—Кана айтчы эмне экен ал?
—Мен сүйүп калган окшоймун эжеке.
—Ай тентеек ал ким экен анан.
—Ал ошол үйдүн баласы Кудай берген.Мени менен тең бирок ал өз убагында окуган экен студент үчүнчү курс..
—Анан ал эмне сени сүйбөйбү?
—Билбейм эже,сүйөм деген бирок..
—Анан эмне ыйлайсың түшүнбөй жатам айтчы ачык..
—Ал деген ата-энеме айтам,үйлөнөбүз деп кеткен мен айтпа дегениме көнбөй..
—Анан ошо эртеси ушинтип жатышпайбы.Баласынан оолак кылганы да бул э эжеке?
—Балким сиңдим,сен ага кайгырба.Андай байларга тең келе албайбыз Тамара эрте кеткениң жакшы болуптур.Катту сүйүп калганыңда каттуу кыйналмаксың.
—Азыр эмне кыйналбай жатат дейсизби?
—Тамарам болдучу эми,кудай бул жагынан бербесе бул жагынан бериптир.Өзүң кыялдангандай эми мугалим боло аласың..Болду кана.
Сиңдисин сооротуп анан барып өзү жатты.Тамара окуу жайга документтерин толуктап тапшырып коюп окуу жылдын башталышын күткөнчө бир кафеде иштеп жүрдү.
Алтынай менен Алтынбек баласын үйлөнтөбуз деп каттуу даярдык көрүп жатышты.Бишкектин эң алдыңкы ресторанына сүйлөшүп,кимдерди гана чакырбады.Арты бизнесмендер болсо,асты министерлер болду.
Бул чакыруу кагазы Кудайбергендин досу Жоомартка дагы келип жетти.
Келиндин аты турган жерде Тамара эмес Дарика деп турганын көрүп досуна аябай жинденди.Ушунун сүйүүсун тебелебейин деп убагында жол бошотподу беле.Өзүнөн артык көргөн кызды кечип досуна ыраа көрүп жатса,Тамараны таштап кеткенине ишене албай турду.
—Эй акмак экенсиң сен ошону билесиңби?
—Жоомарт эмне болду сага?
—Энең болду акмак Тамараны таштап кетүүгө кантип бардың.
Мен аны сага ишенгем….
—Энеме асылба Жомарт,экинчиден ишиң болбосун уктуңбу..
—Кандайча,эмнеге ишим болбойт?Болот эле Тамара деген кандай асыл кыз билесиңби.Сага жол бошотуп бергенимде менин жүрөгүм канчалык канаганын көрсөң кана.Тамаранын көңүлү сенде экенин көрүп,сүйгөнү менен бактылуу болсун деген элем.Колдонуп ташталган кыздын акыбалына жаным ачыйт.Эркек дагы сендей болобу койчу..
Күнөөсү ата-энесиз майып экениндеби?Акмак эртең сени эмне күтүп турганын билбейсиң,кудай деген адам ылгагандарды каттуу жазалайт эсиңде болсун…

Уландысы бар…..

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE