Пример HTML-страницы

«Мандайыма жазганы»

https://kyrgyzcha.site/?p=45253&preview=true Кызыктуу окуялар.

» Мандайыма жазганы»

 

Чын эле Кудайым мандайына жазганын корот экенсин, мандайга жазган сон, эч кайда качып кутула албайт экенсин… — Бишкектеги Жогорку окуу жайга оз кучум менен окуп калдым, стипендия алчымун, мен окуйм деп келген сон, окуудан башка эч нерсе кызыктырбайт болчу, коптогон аруу тилектерим бар болчу, окуумду ийгиликтуу аяктап, Туркияга барып окуумду улантсам деп жургонмун… Бирок эмнегедир ата-энем куйоого узатабыз дешти, ордумдан так секире, окуумду шылтоолоп айылга барбай туруп алдым, атам звонок кылып, балам бул жакта кудаа тушуп келип жатат, окуун качпайт турмушка чыгып деле окуунду уланта бересин, деди… Байкуш апам атамдын тилинен чыга албайт, ичинен мени ойлоп кыйналат, суйлошкон жигитин болсо айт алып качып кетсин дейт, оюмдун баары сабакта болсо, жигиттер кайдан ойго келсин, сезимин билдирген жигиттер жок эмес бар, бирок журогумо жакканы болбоду… Окууга деле конулум жок, атама таарынып журдум, бир куну звонок кылып, кызым эртереек келип кал, апан ооруп калды деди… Мени келтире албай эле, айткан шылтоонузбу ата,эмне менден кутула албай жатасынарбы? Деп ызама чыдабай ыйлай бердим… Жок кызым бул эмне дегенин, сенин бактынды ойлойбуз жакшы жер, той откон сон окутуп алабыз деп жатат деди… Апамдын ооруганы чын экен, айлам жок айылга жонодум, аябай ызаландым, себеби айылга барганымда турмушка узатаарын билемин… Менин кандай гана кыялдарым бар эле, баары аткарылбай кала турганына ичим ачышты, бироону суйбой туруп кантип турмушка чыгам, жолдо баратып авария болсом экен деп коем, бирок андай болбоду… Жолдо каар кочку болуп эч Жака жыла албай калдык, ошентип 3 сутка жолдо калдык, айылга барсам, апам жакшы болуп озуно келип калыптыр, ошентип тойго камынып башташты… 4 кун откон сон мен уйдон, эч качан корбогон, суйлошпогон Адам менен жетелешип чыгып кеттим… — Кудай жалгап жолдошум ак конул жакшы Адам болуп чыкты… Окуума шашылыш кетиш керек болуп, жолдошум экообуз шаарды коздой келе бердик… Жолдошума тез эле конуп кеттим, менин козумо карап турат, мен дагы аны сыйлап, жашообуз жомоктогудай болчу… Арадан 2 ай откон сон, озумду жаман сезе баштадым, эч бир жыт жакпай, башым айланып жеген нерсеми куса берчумун, корсо боюмда болуп калыптыр… Жолдошум экообуз аябай кубандык, тамактын жыты жакпаган сон, жолдошум озу тамак жасачу, мени оор жумуш жасатпай, ханышадай карайт, эмне жегим келсе баарын алып келип берет… Бир куну тунку саат экиде аябай бифштекс тамагын жегим Келди, уйкум келбей кыйнала бердим, жолдошумду ойготуп, бифштекс жейм десем, тун ортосунда кайдан табам, уктайлычы деп мени кучактап жатып Алды, ары оонап бери оонап жатып тан атаарда уктадым.. Ойгонсом жолдошум бифштекс тамагын алып келип коюптур аябай суйундум… — Ошентип окуумду бутуп, айылды коздой жонодук, шаарда 4 ай жашаптырбыз, ошол ай ичи экообуз аябай бактылуу элек, кыйынчылыктын баары айылга келген сон башталды… Апасы уулун кызганат десе ишенчу эмесмин, бирок менин кайын Энем куйоомду аябай кызгана берчу, жолдошум экообуз бир конокко барабыз десек эле, болбогон нерседен уруш чыгарып эле калтырып койчу… Ар бир ишимден кычык таап эле, аябай жудотуп жиберди, жолдошум эмнегедир ата энеси менен суйлошпогонун байкап калдым, корсо кайын атам кредит алып карызга батып, уулун Москвага иштеп кел деп жонотот, ай сайын 50000 рубль акча салып турат, озуно ашыкча жумшабай ата энесине салса дагы, ошого дагы ыраазы эмес, уулуна айтпаган кепти айтып, колундан эч нерсе келбейт, карыганда аялынды алып шаарга качасын, бизди карабайсын дегендей создорду айтып, кулагыгын кужурун алчу… — Бир куну жолдошум уйдо жок болчу, ошондон пайдаланып кайын энем менен кайын атам, ортого алып урушуп киришти мени, сенин айынан уулубуз ушундай бизге мамилеси жаман болуп калды деп, жана менин ата Энем айтпаган создорду айтышты… Аябай ызаландым, жолдошум мени коруп, шаарга кетебиз, ата энеме капа болбо, деди… Бирок мен конбодум, ата энен жалгыз калса андан сайын жаман болот дедим… Акыры кулактын кужурун алган Сон, жолдошум Москва шаарына ишегени жоноп кетти, мени озумдун ата энеме алып барып койду… Айым кунум жетип, кыз тородум жолдошум аябай суйунду, апаларына звонок кылып неберелуу болдунар деп суйунчулоптур, бирок кайын энемдер басып келмек турсун, телефондо дагы сурап койбошту… Жолдошум аябай ызаланды,аата энесине таарынды, болгону жалгыз уул болсом, ушундай дагы мерез болобу деп, жини Келди… Москвадан келип, мени алып ата энесинин уйуно бардык, барсак кайын Эжем жолдошунан ажырашып эки баласы менен келиптир… Адатташыдай эле келиндик милдетимди аткарып журдум, кайын энемин жемеси аз келгенсип кайын Эжем кошулду, мейличи ажырашып келсе, кучун менден чыгарып жатат деп ойлодум… Жолдошум Жана кызым учун баарына чыдап журдум, бирок кундор отуп жолдошумдун озгоргону катуу тийди, ал дагы болбогон нерседен жини келип кучун менден чыгарат, кундо уйдо чыр чатак, кайын эжем сен келген сон уйдун берекеси кетти, сен жокто баары жакшы болчу дейт, же бир кызымды небересиндей эркелетишпейт… Аябай чарчадым, тажап кеттим, менин куноом эмнеде, кечке жаным калбай, кынк этпей иш кылсам дагы жакпай койдум, мен эмне озум каалап басып келдимби? Егер жаман экенмин анда эмнеге кудаа тушуп барышат, аябай жудоп ондон азып арыктап кеттим, канча кыйналсам дагы ата энеме айтпадым, макул баарына чыдайт элем егер жолдошум мени колдоп турса… Бирок ал дагы менден терс бурулду, мумкун мени же ата энесин тандашын билбей жаткандыр, бирок менде эмне айып??? Ушул суроого жооп таба албай калдым… Каным азайып, кан басымым которулуп кетти, анан чыдабай кызымды алып баса бердим… Ата Энем аябай окунушту, бирок ата энем мындай болоорун билишпеди да байкуштар, эки ай откон сон жолдошум кечирим сурап Келди, бирок менин аябай конулум калды баргым жок, эч кимисин коргум жок… Номеримди озгортуп шаарга кетип калдым, кийин куйоомдун ооруп калганын угуп калдым, эмне оору экенин биле албадым, кийин мени издеп келбептир… Келечегим кандай болот, жооп таба албай койдум, жашоонун кызыгы кызым гана, ошол учун гана жашап келем…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE