Пример HTML-страницы

КОРПЕНДЕ 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=49702&preview=true Кызыктуу окуялар.

КОРПЕНДЕ

1-БОЛУМ

 

Кун тободон чакчайып тийип турган.Мындай ысыкта куштардын да сайраган уну угулбай дымып калат.Шаар ичи демейдегиден да үп.Асфальт жолдун жыты канырсып мурун жарат.Бактын колокосундогу орунтукка жука оромолго оролгон баласы бар жап-жаш келин ийредендеп басып келди да,аярлай кочук басып,кучагындагы баласын тизелерине туурасынан койгон боюнча телмире тээ тунгуюкка чогуп,катып калды.Өңу керсары тартып,коздору чунуройуп,турпаты жудонку.Баласын орогон оромол да сарала болуп кит.Ангыча балв ынаалап ыйлап жиберди.Келин кичине эсине келгенсип,чыканагына илинген чупурок баштыгын алып,орунтукка койдв да ичинен кургак жалаяк алып чыгып,баласын орунтукка жаткызып астын кургактады. Баштыктын ичинен чай кошкон сут алып кичине эмизгенден кийин,бала кайрадан уктап кетти.Келин таноолорун былкылдатып уктап жаткан баланы сестейе карап турду.Ангыча арыдан майпандап казча баскан майып киши келип орунтуктун аркы башына отурду да келин жакка бурулбай туруп:

-Балам,убактын канча болду?-деп сурай колундагы кир жузаарчысы менен терин аарчый мурдун „быр”дедире тартып алып,бул жерде копко олтуруучу адамча копшоло жайгашты.Эмнегедир селт этип чочуган келин колундагы саатын бир карап:

-Он экиден он мунот отту,-деди угулар-угулмаксан.

Тиги адам рахмат деп да койгон жок.Саат сураганын унутуп калгансып озунчо ар жеринен терин аарчып алектенуудо. Кыйгач караган келин тигил адамдын чын эле баласы экооно кенедей да конул болбой отурганына козу жеткен сон кичине тынчтанып,кайрадан эриндерин булк-булк сооруп вктап жаткан баласына тикирейе тигилди.

-Агай,балага коз салып турасызбы?Мен тигил жакка барып келейин.Жансап ажааькана жакты корсотту.Келиндин кутуусуз суроосуна олурая караган берки эмне деп айтаарды билбей унчукпай туруп калды эле!

-Бат эле келем,Коздору чагылыша тушкондо келин куноолучо жадтактап томон карады.

-Мейлин,- деп кунк этти бейтааныш.

Ушул жоопту кутуп тургансыган келин ордунан атылып турду да коздон кайым болду.Анын ийрелендеген арык элесин бейтааныш адам эч кимге суроттоп айтып бере алмак жа эмес.Бейтааныш озунун кароосундагы баланы улам кыйнач тиктеп койгону менен тынчы кетип аркы ичкилик саткан дукон жактан козун албайт.Саат экиге жакындаган сайын дукондун айланасына топтошкондор арбый баштады.Берки майып адам кезек алуу жагынан кам жебеди.Жана орунтукка отурганы келатканда эле кайрылып кезек алып койгон.Убакыт гана жылбайт куттуруп.Улам откондордон саат сурайт.Бир даарлары жооп берсе,бирлери жаман коздору менен карап басып кетишет.Ал тугул бир аял угуза„Кудай ушундай алкаштарга бала берет,тиленип жургондорго бербей”,-деп тилдеп кетти.„Алкаш”дегенди укканга кенедей да терикпей калган.Жон гана кулагынын сыртынан кетирет.Бала жонундогу созго болсо ууртунан жылмая кулуп,нарисени дагы бир жолу андап тиктеп:„Мейли ооздоруна алы жетпегендер айта беришсин”,- деп кункулдоп койду.Болгону чын эле ушул бала меники болуп калса эмне болмок деген ийнедей ичке ой журогун тыз сайганда оз суроосуна кайра озу жооп издегенден качып,отуп бара жаткан кыз-жигиттен убакытты сурай кетти.

-Бирден жыйырма мунот отту,-деди жигит.Бул маалда дукондун астына чогулган караан алда канча кобойуп тизмектешип калган.Эки жагына элендей баланын энесин кутуп ажааткана жакты карады.Озунчо: „Бала баккыч тапкансып жоголду го?Жер астына тушуп кеттиби?”-деп тигил ажаткана жактан кирип-чыккан аялдардын арасынан бери бурулуп басчусун издейт.

-Бул катын ит го.Тешикке тыгылгыр! Кункулдоп согуно да баштады.Ангыча тиги оромолдогу бала чыйылдап ыйлап кирди.Кочугу менен жылып оромолго жакындап баштыктын ичинде оозунда упчусу бар шишени таап чыгып баланы колуна ала жузун ачты эле,ысыктан боргулдана тердеп турган баланын жыты мурдуна быр деп тийип,тигил болсо коздорун ачпай жарыктан кача,оозу менен эмчек издей энтигип-энтигип алды.Упчуну оозуна сала койгондо булкулдото соро ыйы токтоду.„Ой, мунундун торолгонуно жарым айда боло элек неме го?”-деп ойлой балага тигилип,эпсиз кыймылдай упчуну сордуруп жатты.Баланы улам бооруна тарткан сайын анвн наристе жыты журогуно булук тушуруп бара жатканын озу да билен жок.

Булкулдотуп упчу соргон балага кызыга тушуп,энкейип обойун деп баратып кайра чочуй энеси корсо„алкаш, баламды обот”,-деп жаман корот го деген ой менен айланасын карай келинди издеди.Жакын жерден эч ким корунбойт.Чыдамы кете акырын энкейип баланын мандайынан жыттады эле жыпар жыт коодонун жарып кеткенсип магдырай тушту.Качанкы унут болгон бала жыты.Журоу тыз-тыз сайгылаша „Эртеерек келбейби”,- деп келин кеткен тарапты тиктеген менен бул баланын энесине тусполдоштор корунбойт.

Бала боорунда 200граммдык белгиси бар шишедеши суттун жарымысына чейин соргондон кийин тойдум дегенсип оозунан упчуну чыгарып,кайра албай ыйлай баштады.Колуна алып силкилдетсе кичине бастап барып,кайра ыйлайт.

-Арак саткан дукон ачылып кезек куткондор топурашвп киришти.Чыдамы кеткен берки баланы котруп аялдар кирип-чыккан ажааткананын оозуна келип кирип бараткан бир жаш кызга:„Бу баланын энеси ушул жакка кирип кетти эле.Эртереек чык,балан ыйлап жатат деп айтып койчу”,-деди. Тиги баш ийкеп кирип кеткени менен,коп отпой кайра чыгып,тандана: „Ичинде эч ким жок экен”,-деди да кылчак-кылчак карай шашкалактап жоной берди.Берки чочуп кетти.„Ыя,эмне дейт?!Анан кайда кетти?”Айланасын караса бу баланын энесине окшогон аял корунбойт.„Баласын таштай качкандардан болбосун”,- деген ой келип,кайра „койчу кантип эле чаламандын чак тушундо ошентсин.Дукондордун бирине кеткен го”,-деди да кайпа мурдагы отурган орунтугуна басып келди.

Бала чыркырап унун баспаганынан улам,эсине„асты суу болсо керек”,-деген ой келип акырын оромолду жазып жиберди эле бала ырбыйган ичке буттарын жыйрып алды.Эркек экен.Чочосу чормоюп журот.Буту бошой тушконго бурундотуп дагы сийди.Асы чылпылдап суу болуп,суюк кылып чычып таштаптыр.Баштыкты оодарса купгак жалаяк бар экен.Бирин алып чыгып астын кургактайм деп эби келбей,колдору булганып жатып эптеп кайра оромуш болду. Ары бери откондор тан кала карап коюшат.Айрымдары: „Озунун кейпи бул,дагы балалуу болуп алганын”,-дешип отуп жатышты.Асты кургакталганга бала тынчтанып уктап калды.Баланы орунтукка жаткызып коюп алма-чолмо тер болгонун билди.Чонтогунон кирдеген жузаарчысын алып моюн-чекесин суртуп,оз эрдин озу соруп уктап жаткан баланын жузуно тигиле карап туруп оромолдун учу менен бетин акырын жаап койду.

Эсине ичкилик саткан дукон тушуп „Кой,барып келейин.Эгер кезегим отсо акчамды бирооно берейин”,-деп дегдендей басып,туртушкондорго барса,эски тааныштарынан бири астыда экен.Алыстан эле козун ымдап „Ой,кайда журосун?Кезегинди алаарын алып коюп жоксун”,-деп атайылап унун которо чыгарып бакылдады.Берки жакын барып „Бир шише вино ала чыкчы.Мен тигил жактагы орунтукта болом„,-деп кулагына шыбырай,колундагы акчасын тигиге карматып,кайра кезектен суурулуп чыкты.Туртушкондордон аран сурулуп атып чыгып,энеси келди бекен деп бала жаткан орунукту караса бозоргон оромолдон башка киши корунбойт.Колтукташкан бир аял менен эркек жанынан отуп бара жатып,кичинеге карап туруп калышты да кайра басып кетишти.Беркиге бала чыркырап ыйлап жаткандай туюлуп кетти.Баланын жанына кантип жугуруп келип калганын да бтлген жок.Чн эле чыркырап ыйлап жатыптыр.Баштыктан сут кошкьн чайды алып чыгып эмизсе кичине соруп коюп,кайрадан ыйлап кирди.Айласы кетип колуна алып силкилдетсе уну басандап калат да,баары бир сооронбойт.

„Эненди… катын болгон.Бала баккычты таап алганын кара”.Баланын энесин алынын жетишинче согуп согуп коёт.Канча убакыт отту ким билсин.А жанагы келинден дайын жок.Журогу опкоолжуп „Чн эле таштап кеттиби?”-деген ой тынчтык бербей ары бери баса баштады.Нечен курдай,мен деле таштап баса бербейминби. Келсе келип калаар.Келбесе дагы бирдемкеси болоор дегени менен кудурети жетпеди.

Ангыча жанагы акча берген таанышы жетип келди.

-Сени кайда кетти деп издеп журбойумбу. Ме,мунунду.Колундагы уч шишенин бирин сунду.Баланы коруп:

-Мына кызык-тамаша. Бул озундукубу?

-Жок.Меники кайдан болсун.Бир таанышымдыкы эле,карай турчу,-деп дуконго кетип кечигип жатат.

-Ошондой деймин да.Мейли.Мен кеттим.Шашылыш бир жерге барышым керек.

-Рахмат.

-Эч нкрсе эмес.

Тигил узап кетти.Берки баланы орунтукка жаткызайын десе кайрадан чыркырап ыйоап кирди.Баланы бооруна которуп алып,орунтукка айланып дупуйгон бакты айланып куугум киргичекти басып журду.Бала болсо ыйлай-ыйлай чарчады корунот.акыры уктап калды.Келин келбеди.

 

Бир короодогу коншу жашаган жалгыз кемпирдин эшигин такылдатканда саат тунку он эки болуп калган эле.

-Чон эне,чон эне дейм!Муштуму менен каалганы катуу-катуу койгулады.Ичкериден кыйчылдап эшиктин ачылганы угулуп,оозгу тамдын жарыгы куйду.

-Бул ким?

-Мен.Ме элемин.Жапар.

А,эмне болуп кетти мынчалык кеч?Илгичти ачып жатып кункулдоду. -Дагы мас болуп журуп,курсагын ачканда келдинби?Эшикти ачып беркинин кейпин бир карап алып „соо корунот го”деп ичинен ойлоа койду.

-Чон эне,соо элемин.

-Анда эмне?Кишинин уйкусун бузуп,бугун тамак жасаган жокмун.Аштые тугонду деп кечээ эле айтпадым беле сага.

-Энеке,мен тамак деп келген жокмун.Бала алып келдим.

-Эмне дейи?!Койчу кайдагы жокту айтпай.

Чын айтам энеке.Журсонуз? !

-Ээ ботом,ал эмне болгон бала экен?

-Ал жай соз.

Экоо ээрчише берки Жапардын эки бомолкк чакан уйуно киргенде бала чыркырап ыйлап жаткан.Баланы коруп кемпирдин эми чынып кетти.Бужундой басып барып баланы колуна ала койлу да:

-Кокуй,чын эле айткан тура.Ой муну кайдан алып келдин?

-Эне,ал жай соз.Андан коро уйунуздо жалаяк кылгандай бир нерсе барбы?Анан эртен дукон ачылганга чейин бергидей сут болсо.

-Жай соз…Жай соз…Дагы эмнени балакетти баштагансын? !Кемпир баланы кайра ордуна коюп уйуно жоноду.

Жапар баланы колуна аоса ыйы кичине басандап калды.Кемпир коп куттургон жок.Бат эле келди.Жаны шейшеп,бир шише сут которо келиптир.Суту газга жылытып баланын шишесине куюп,кемпир упчу менен бергиче Жапар жалаяк дайындоого киришти.Шейшепти колуна алып жапжаны экендигинен улам уылчактап туруп калган Жапарга:

-Оозунду ачпай,алдагы шейшепти болуп-болуп жибер.Жалаякка ылайыктап.

-Эне,мунунуз жапжаны го.Эскирээги жок беле.

-Боло бер.Балага жанысын салат.

-Мейлиниз.

-Бычак менен тилип-тилип туруп айырганда бир топ жалаяк болду да калды.Кемпир бала сутун ичип болгон сон,астын кургактап татынакай кылып ороп жаткырды эле кошулуп уктап кетти.

-Ии,бул эмне шумдугун?Башта жай созунду.Жапарга кайрылды.

-Жапа болгон окуяны тизмектеп айтып берди. Жапардын ушул турган кепе уйду кемпирден сатып алып киргенине он жылча болуп калды.Анда кемпир кызы экоо турчу эле.Суйкандаган ондуу-тустуу кызы бар.Россиянын бир жерине турмушка чыккан экен.Кайра ажырашып келип,кемпир менен эки жылча чогуу туруп,кийин Караколдо жашаган бирооно тийип кетти.Уулу болсо тээ ыраакы Сибирде иштейт дегенди кемпирден угуп жургону болбосо озу козун коро элек.Анда-санда кат келсе кемпир мактанып корсотуп калат.Ушу жакын эле жерде туруп жарым жылда бир каттабаса кызы да келбейт.Анткен менен кемпирдин оз жашоосу озуно тын.Омурунун кобун фабрикада иштеп журуп пенсияга чыккан экен,жуз он сом алат.Атугул чындай келсе Жапардын да копчулук ичкен тамагы да ушул кемпирден.Жапардын откон турмушун укканга боору ооруйбу же бироого жаман созу жок мунозуно,анда- санда базарга десе базарга,дуконго десе дуконго жок дебей жоноп кеткен элпектигине ичи жылыйбы энесинен бешбетер „Коп ичесин,алкаш болуп кеттин”,-деп урумуш болуп,тузугуроок тамак жасаса уйуно чакырып „кучтуу тамак ичпесен ден -соолугун бузулат”,-деп келет.Жапар да баргансайын буга конуп,кай бирде эки-уч кундоп ичкиликтен башка тамак ичпей калса уялбай эле:

-Чон эне,ашказаным куйкаланып баратат.Ысык шорпо жасап берчи,-деп келет.

-Деле кой,эт-аш сатып келип койгонсуп,шорпо жаса дегенин кара ай мунун,-деп кункулдой,кемпир Жапарды кагып-силкимиш болгон менен тамагын бышырып,куюп берип олтуруп,бышактай! -кой дегенимди укпайсын,эмне кылайын эми?Деги озун эле билчи.Мандайына ушул жазылса керек го байкушум,-деп ушкурунуп алат.

Жапардын баянынтолук уккан кемпир:

-А кокуй бул жанагы тууп таштап кетип жатат деген шуркуялардын бириники тура.Азыр андайлар кобойуп кетпедиби.Кой, Жапар,муну тигил ушундай балдарды ала турган уйго эртен алып барып откоруп бер.

-Жок,энеке,муну озум бала кылып багып алам.Кемпир чорчуп кетти.

-Эмне дейт кокуй?!Сен бала бакканды коюп,оз каражанынды баксанчы.Жапар каштарын жыйыра кичине ойлонуп калды да! Багам!Эч кимге бербеймин! Мен муну уйго алып келатканда эле ушундай деп чечкем.Болбосо ошо жерге таштап баса бербейт белем.Кемпир Жапарды кичинеге тиктеп турду да:

-А-а,боорукер байкушум.Сен соолуктуруучу жайга тушуп калганында, мунун ачкадан олуп калбайбы.

-Мен мындан ары ичпейм!Олойун энеке.Оозума да албайм.Коросуз го.Кемпир коз кыйыгы менен Жапар алып келип койгон текчедеги винону карады.

-Ичпей коп болсо уч кун чыдаарсын…

-Жок энеке,омур бою ичпеймин.Ушул баламды аман-эсен чонойтуп,эл катарына кошсом болду.Ичкилик жерге кирсин.Ордунан калдандай туруп текчедеги винону ала койду да „Муну козго корунгус кылайын”,-деп эшикке шарт чыгып кетти.Тыштан шынгыр деп шишенин сынган дабышы угулду.Кемпир озунчо „А байкушум, „балам”деп эмитен эле ээ болуп алган тура.Бироого зар бала,бироого кор бала ушу да”.Коз кычыгынан жашын аарчыды.Жапар кайра кирип келди да:

-Мына чаап салдым.Экинчи ичкилигинди жыттап да койбойм.Атугул балама ат да коюп койдум.Бактыбек, -деп.

-Кой,Жапарpакылына кел.Сен бул баланы багып остуро албайсын.Андан коро окмотко эле откор.Бала багыш деген оной эмес.Бекер олтуруп алып убалына каласын.

-Жок, энеке.Антип айтпанызчы. Бакытты откорбойм.Сиз мага ороп-чулгаганды, жуундурганды уйронгучо каралашсаныз болду.Кралашканыныз келбесе деле мейлиниз.Оз эркиниз.Ал эми каражат жагынан болсо менин алган 200сом пенсиям балам экообузго кенен жетет.

-Дегеле,балам деп ээлеп алганын кара.Мен го каралашайын бирок,сага муну ким бпла кылып берет?Жапардын коздору алая тушту.

-А менден ким талашмак эле?Ушундай чон шаарда мени менен кимдин эмне иши бар?Кемпир ойлонуп калды.

-Анын туура дечи.Мунун энесинин жар салып издей коєрун да Кудай билет?Ошондо да буга документ керек го.Торолгондугу тууралуу куболук дегендей.

-Аны эптеп пара берсем да жаздырып алам.

Кемпир айласы кеткендей жанын чаап,шыпшынып коюп ордунан турду.

-Кой,экообуз акыйлашсак тан атканча талашыбыз бутчудой эмес.Андан коро жатып эс ал.Мен да эс алайын.Калган созду эртен суйлошобуз. А винону бекер сындырдын.Акчага келген эле да.Баланын ден-соолугу учун ичип коёт элек.Эч капарсыз уктап жаткан наристени энкейе карап.-Анан калса озу да татынакай,мойтойгон бала экен.Тфу-тфу. ..коз тийбесинчи, кетип баратып кайра кайрылды.-Же мен ала кетип,жаныма алып жатайынбы?Сн уктап калып,боруктуруп койбо.

-Жок,энеке.Озум эле алып жатам.Эмнеге ыйлатмак элем.

-Мейлин.Кемпир дагы бирдемкелерди кункулдоп чыгвп кетти.

Жапар баланы акырын которуп жерге койду да,диванды жазып жиберип баланы кайра дубал жагына жылуулап жаткызып,озу бери жак бетине кийимчен кыйшайды.Аркы шкафтын ичиндеги кирдеген шейшептерди салгысы келбеди.„Эртен жууп-тазалап туруп салайын”деп ичинен ойлоп койду.Бала чукуранганынан оромолун жазса асты суу болуп калыптыр,кургактап кайра ороп жатып,жалынып коёт.„Бакы, Бакы,Бакытай, озу ыйлабаган азамат жигит экен да”.Бала кайра уктап кетти.Озу да баланын жанына кыйшайып,кандай козу илингенин билбей калды.Канча уктады ким билсин,баланын ынаалап ыйлааган унунон чочуп ойгонду.Агач уйкусу ачылганча онумбу же тушумбу деп эчнерсе ажырата албай,ыйлаган унду тыншап жатып,анан эсине келе калганда ордунан атып туруп баланы колуна ала койду.Кейпи, бир топ эле ыйласа керек,боргулданып тердеп калыптыр.

-Кашайгырдыкы. Каа уктап калганымды, -деп кубуроно астын кургактап,жаткырып коюп,газга сут жылытып келип берди.Бала курсагы тойгондон кийин кайра кошулуп уйкугу кирди.„Бакыттай уйкучу жигит экен да,Муйдусунан, муйдунан”,-деп эркелетип жанында таноолорунун бырпындап-бырпындап дем алганына кызыгып,тиктеп олтуруп анан отурса-турса диван кычыраганынан бала тынч уктасынчы деп жерге тошок жая чалкасынан шыпты тиктеп,ойго чогуп жата кетти.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE