Пример HTML-страницы

Кочкор районундагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда билим күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанатуу линейка өтүп, биринчи коңгуроо кагылды.

Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясына биринчи класска келген окуучуларды куттуктады.

«Баарыңыздарды билим күнүңүздөр менен куттуктайм. Биз турган мектепте окуучулар, мугалимдер жакшы ийгиликтерге жетишиптир. Менин эгиз уул-кызымды биринчи класска ушул мектепке алып келдим. Урматтуу окуучулар жакшы окуп, билим алгыла. Жакынкы күндөрү окуучулар арасында интеллектуалдык деңгээлди көтөрүү үчүн шахмат боюнча сынак жарыялайм. Алдыга чыккан окуучулар мени менен шахмат ойнойт», — дейт аким Э.Омошев.

Кочкор району боюнча 14 миң 863 окуучу билим алса, жаңы окуу жылында 1-класска кирүү үчүн 1 миң 400гө чукул окуучу электрондук каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE