Пример HTML-страницы

Кара-Кулжадагы авариялык мектептин жаңы имараты 97,7 млн сомго курулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-декабрда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун алыскы Капчыгай айыл аймагынын Кара-Таш айылында курулган Ысак Жорокулов атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, депутаттар, каржы министринин орун басары Руслан Татиков, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Жантелиев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев баштаган жергиликтүү жетекчилер катышты.

Алгач облус башчысы президенттин демилгеси менен өлкөдө курулуп жаткан 100 мектептин отузу Ош облусунда, анын үчөө Кара-Кулжа районунда экенин белгиледи.

Ысак Жорокулов атындагы орто мектеби 1974-жылы ашар жолу менен курулган. Имарат авариялык абалда болгон. Мектептин жеринин аянты 2 гектарды түзөт. Республикалык бюджеттин эсебинен мектептин жаңы имараты 2022-жылдын сентябрь айынан тарта 150 орунга ылайыкташтырылып курулуп баштаган. Мектепке жылуулук 2023-жылдын 12-ноябрында берилди.

Тендердик баасы 96 млн 776 миң 884 сомду түзөт. Курулуш «Улар-Транс» ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылды.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Улар-Транс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Калмаматов Уланбек Мыйманжанович, түзүүчүлөрү — Калмаматов Уланбек Мыйманжанович, Тойматов Бердибай Токебаеви. Компания 2018-жылы 18-майда кайра каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE