Пример HTML-страницы

Кара-көлдүк мугалим Ф.Жакутова Казакстанда өткөн сынакка катышып, 1-орунду камсыздады

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык мугалими Фанар Жакутова Казакстанда өткөн сынакка катышып, 1-орунду камсыздады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаарынын Ч.Түлөбердиев атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин сызуу жана эмгек сабагынан берген мугалими Фанар Жакутова 1-2-декабрда Казакстандын Жети-Суу облусунда өткөн сынакка катышып, 1-орунду ээледи.

Анын айтымында, аталган сынак онлайн жана офлайн форматта болуп өткөн.

«Мен онлайн форматта катышып, өзүмдүн 5 ишимди (разработка) жөнөттүм. Иштеримдин бары жакшы деп бааланып, 1-даражадагы диплом жана сертификат келди», — деди ал.

Фанар Жакутова 1957-жылы Токтогул районунун Тельман айылында төрөлгөн. 1977-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын сызуу жана эмгек сабагы боюнча мугалим адистигин бүтүргөн. 46 жыл билим берүү тармагында эмгектенип, «КРдин билим берүүнүн отличниги» төш белгиси жана шаардык кеңештин ардак грамотасы, С.Чокморов атындагы коомдук фонддун ыраазычылык каты менен сыйланган. Ал 2 уул жана 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE