Тамактанып отурганда Жаныл эртен апасыныкына барып келмек болгонун айтты. Мен кутуусуз жанылыктан чочуп да кеттим. Ай сайын бир-эки кунго айылга барып келчу, анысы таптакыр эсимден чыгып кеткен тура. Мен дароо эле Айжамалды ойлоп жибердим. Канчалык баары бутту, мындан ары жакын жолобойм дегеним менен Ал кыз журогумо терен орноп алган окшойт.
— Аа, унутуп калган турбаймынбы. .. — демиш болдум.
— Сен бошобосон, озум эле барып келейин. Же бир жолу келерки айда барсамбы?
— Келе турган маалы болду деп карыган киши жол карайт го?
— Анын да чын. Бара албай калдым деп каттагандардан айттырып ийем да.
Мен кабагымды туйо:
— Айттырбай этпей эле барып кел.
— Барайын эле дейм, бирок…- экообуз тен нымтырап унчукпай отуруп калдык, мен кызара баштадым.
— Эмнеге мага ишенбей атасынбы?
— Ооба, кетээрим менен тиги селкине жоночудой сезилип…
— Ой, аны менен Экинчи байланышсам олойун дедим го.
— Макул Эми, карганбай эле кой. А сен эмне кыласын, Сыргабек менен биллярд ойнойсунарбы? Жаныл айылга кеткен сайын досум экообуз биллярд ойноп, пиво иччуубуз, бирок азыр башка жумуштар бар эле. Бирок Жанылга биллярдга барабыз деп коймок болдум.
Анан башка эмне кылмак элек, Сакеге айтам го.
— Мен аны ишембиден бери коро элекмин. Озу да келбей калды. Урушкан эмес беленер?
— Жо-ок. Келбей калса эле урушкан болмок белек. Кыздардан колу бошобой аткандыр да. Кечээ эле келип кеткен деп койдум. Сыргабекти эртен менен жолдун аркы ойузунон коргом. Ал мен жакты кормоксон болуп, казиного кирип кеткен. Мен анын айтканына жинденип атакам, бирок келсе элдешкенге даярмын.
Ондон отуп калганда ылдый жактан Асхат «биз кетип баратабыз» деп кыйкырды. Эшикти жаап алмакка чыксам Юра рулда отуруптур.
— Жакшы кал, эртен жолугушабыз, — деп Асхат бурк этти да, экоо зымыраган бойдон жоноп кетишти.
Алар коздон кайым болоору менен килейген кулпу илинип турган эшикке келдим. Муну ачыш оппоной, бир эки бурамасын чыгарсам эле андан ары кулпусун жулуп алам деп темир-тезектин арасынан отвертканы алып кайра келсем ичинен бир шыбырт угулду.
Гараждын ичи кунурт болчу. Мен бутумдун учу менен басып, уурдана каалганын тубуно келдим. Ошондо гана машинеден Жаныбек корунбогону эсиме кылт деди. Ал мурдараак кетип калганбы же азыр ичинде жашынып отурабы? Жука тосмого кулагымды такап тыншасам дагы кылдырт деген дабыш чыккансыды. Ийиним менен эшикти тиреп, кулпусун тарткылай:
— Бу жерде ким бар? — десем ун-соз жок. Кайрадан эшикти тарсылдаттым, Жаныбек демин ичине катып, кыймылдабай уч буктоло отурганына козум жетти. Отвертканы ордуна коюп, жарыкты очуруп устунку кабатка чыктым.
— Тигилер кетиштиби?
— Ооба, эшиктерди бекитип келдим.
— Эме тиги… кенседе гезит бар эле, алып келейинчи, — деген бойдон кайра ылдый туштум. Тепкичке бутумду аяр коюп, дабыш чыгарбай тушуп баратып, чарт этип ширенке куйгонун жана тамекинин жытын сездим. Ичинде ким болсо да жон эле чылым чегип отурса керек. Бирок эмнеге отурду экен? » Тундо биз жокто болмого кирбесин» деп менден чочулай Жаныбекти калтырып кетишкенби?
Беш же алты саат уктаган окшойм, козумду ачсам тан агарып келатыптыр. Машиненин дурулдогону угулду, дароо Жаныбек оюма келди. Керебеттен жылып тушуп, терезе тушка келдим да, парданын четин ачып карадым. Жолдун аркы ойузундо чумкомо машине турган экен, анын жанында эки киши турат. Ары жактан колуна кагаз, калем кармап Сыргабек чыкты. Учоо кобурашып, кол сааттарын карашты. Берки экоо машинеге отурганда Сыргабек башын ийкеп, кагазына бирдемелерди жазды.
Кайрадан Жанылдын жанына жатып, козум илинип баратканда Сыргабек кызматтан которулдум деп дардаландап келгендеги: » казинодон тушкон акчаларды мушоктоп банка ташый турган болдук, мен шопурдун жанында отурам да, баарына баш-коз болом» дегени кулагыма жанырды. Анан дагы экообуз мушташып кетээрдин алдында: » Азырынча акчадан башка баалуу эчтеке жок, бирок жакында бир баалуу буюмдарды жеткиребиз. Оозундан чыкпасын, досум» дегенин эстегенде уйкум умачтай ачылды. Баарын санап келип, ушу казино ойго келбегенин карасан. Таланттын андыганы ушу болуп журбосун? Анда эле баары ордуна келгени жатпайбы. Менин гаражым казинонун кенсесинин дал мандайында, Жаныбек да тиги болмонун ичинде оромпой тээп отурган жок да, акча ташыган машине кайсы маалда кетээрин байкап отургандыр. Тор жакка жайгашкыла десем болбой Талант терезе тушту тандаганын эстедим. Андан баары алаканга салгандай корунуп турат эмеспи. Чын эле мен божомолдогондой болсочу?! Анда эле Сыргабектин омуру коркунучта, аны булар олтуруп салышы да мумкун. Четте карап тура албай мушташтын ортосуна кирип кетмейи бар.
А эгер карактоо болуп кетсе милиция казинонун жака белин тинтип, мага да келет. Ангыраган гаражыма айына сегиз мин алганымды билишсе, кылмышкерлерди жаап-жашырган деген айып тагышары турган иш. Аларга кошумча болгонсун дешсечи?
Адегенде Сыргабекке баарын ачык айтайын деп ойлодум, анан кайра Ал оюмдан айныдым, кумон саноолорумду айтып, Айжамал менен кенешмек болдум. Ал эмне дээр экен байкайын. Сыргабекке анан деле айтаармын. Тууй, ата Талантка ишенип ит болмок болдум ээ. Айжамал да алар менен бир болсо эмне кылам? Андай эместир. Анын оз иши, астында машинеси, устундо уйу турат. Талант экоо жон эле тааныш болсо керек. Кер маралдай керилген сулуу менен корушоруумду ойлогондо озумчо таттуу кыялдарга жетеленип баратып кайра озумду тыйдым. » Барам да, Талант жонундо суйлошуп алып эле кайра тартам, ошол бойдон аны менен кош айтышам» деп озумду озум ынандырдым. Азырынча Жанылга эч нерсе деп айтпай эле койгон он. Жон эле шек санап аны да дурботпой иштин чын тогунун билген сон айтаармын. Айжамалды кайрадан корот экем да!
Эртен мененки тамак ичилгенден сон Жаныл апасыныка кетти. Аны узатып гараждын оозуна жеткенде Асхат бизди карап турганын байкадым.
— Эмне бойдок калдынбы?
— Ооба, келинчегим кайын журтка кетти.
— Анда- санда ошентип эс алам дечи. Баштан танасынбы анан?
Кыжырым кайнап тарс жарылчудай болуп кенсеге кирдим да, телефонду алып, Айжамалдын номурун тердим. Туут-туут эткен дабышты тыншап копко турдум, акыры шаабайым сууп, трубканы ордуна койдум. Бир жакка чыгып кетсе керек. Кечке чейин беш-алты жолу чалдым, бирок эч ким жооп бербеди.
Сааттын жебеси алтыга жетип калганда Сыргабек кирип келди. Мен аны келет деп куткон эмесмин, эмне кылаарымды билбей алдастап калдым. Экообуз таптакыр урушпагандай:
— Баке! Клубга барабызбы же эмне кылалы? — деп жайдары карады. Ал жакка бутум тартпай турган, бирок барбасак Жаныл баарын Сыргабектен билип алып, кайра урушаарыбыз бышык.
— Макул, Саке. Саат жетиде баралы.
Ошол маалда босогодо Асхат пайда болду, » баатырлар, ширенкенер барбы?» деп туруп калды. Сыргабек барпаландап кутусу менен сунду. Экоону тааныштырыш керек го деген ойдо:
— Бул жигиттин аты Асхат, мен сага айтпадым беле, ошол фирмада иштейт
Бул болсо менин досум, Сыргабек. Экоо кол алышып учурашышты.
—- Жигиттер баштан танганы жатабы? — Асхат арсак терсек тиштерин ырсайтып жылмайымыш болду.
— Ооба, ошентели деп атабыз.
— Мен сени тиги казинодон кордум беле? Сакчы болуп иштейсинби?
Сыргабек козун кымындата:
— Ооба, жакында эле которулдум, — деди.
— А эгер мас кардарлар кол салса эмне болот? Курал-жарагынар барбы?
— Ананчы! Ар бирибизде экиден автомат, бирден тапанча бар, керек болсо граната да берилет. Катылгандардын катыгын беребиз, ха-ха-ха!
— Калп айтпачы. Резинке токмоктон башка эч балээнер жок дешти го, ошондойбу?
Менин кумон саноолорум четинен далилдене баштады, болбосо Асхат мунун баарын сураштырып эмне кылат. Арам оюн ишке ашырыш учун буларга баарынан кабардар болуш керек да.
— Куралынар жок болсо сооттолгон машине менен журбойсунорбу. Каракчылар кол салат деп коркпойсунарбы?
— Каракчылардын мизин кайтарганга алыбыз жетет, бизге жашоодон тунулгон неме эле катылбаса, — деп жооп берген Сыргабек оюнда арамдыгы жок, Асхатка коз кысып койду. Асхат шашкалактап:
— Колунар бош болсо жургуло меникине, — дей салды.
— Жок, жок, — мен да жооп бергенче шаштым, — бир аз иштерибиз бар эле.
Асхат ийинин куйшоп алды:
— Мейли андай болсо, эгер кааласанар любой убакта келе бергиле. Талант, Айжамал, баары болушат.
Сыргабек ойлонуп калганын байкай, дагы калдастап:
— Рахмат, бирок бара албайбыз, — деп жибердим.
— Кой, мен ордума барбасам болбойт, — деген Сыргабек баш ийкеп, чыгып кетти.
Асхат аны узата карап туруп, тамекисинин кулун полго серпти да:
— Кандай ойлойсун, досун тамашалап койдубу? — деп сурады.
— Эмнени?
— Куралды айтам да, — ал кежигесин кашып, мени козунун тобосу менен мурчуйа карады.
— А эмне журогун тушуп атабы?
Ал корс-корс этип калп кулумуш болду, анткен менен козунон заары чачырайт.
— Кой, мен да барып иштейин.
— А Жаныбек тундо эмне кылып атты? Асхат козунун кыйыгы менен карай бурулуп баратып:
— Эмне кылмак эле, иштеп атты, — деп кункулдоду.
— Карангыдабы? Мени таптакыр эле макоо ойлойсунар го?
— Карангыда иштесе болбойт бекен? Тундо иштеген жакшы да, жолтоо болгон эч ким жок, — деди да, керсейе ары басып кетти.
Саат жетиде Сыргабек экообуз сырткы эшиктерди жаап атканда, чакан болмодо Жаныбек отурганынан шек санаган жокмун. Отурса отура берсин, эми ага да башымды оорутайынбы.
Биз маршруткага тушуп Аламудун базарына келдик, уйдо тамак жасаган Жаныл жок, арзан кафеден тамак ичип алалы дедик. Тамак жаны алдыбызга келгенде Сыргабек эмнегедир Асхат жонундо соз баштап калды:
— Жанагы таанышын телевизор чогулткан немеге окшобойт го, ыя?
— А сенчи, кароолчуга окшошсунбу?
Ал бырс кулуп, чайдан ууртады.
— Баса, чынын айтсан, Саке, мылтыгын барбы?
— Ой жок ай, Асхат айтмакчы, резинка токмогубуз менен муштумубуздан башка эч балээбиз жок. Бир демебиз бар, бирок ал жонундо айтканга болбойт.
— А ушу жумада маанилуу жук жеткиребиз деп эмнени айттып аттын эле?
— Казиного кимдер келет, билесин да, акчасын кайда которушту билбеген куркурлор, элдин акчасын жеп байыган чондор, анан Кумар оюнуна берилип ага баш оту менен кирип кеткендер. Болгон акчасын уттурган сон баалуу буюмдарын, машинесин да коюп ойношот. Алтын-палтындын баарын сейфке сала берип батпай калганда ташыйбыз. Откондо бир депутат ойношу менен келип, бриллиант жанагы эмне мойнуна такканчы, дагы иймегин, шакегин, айтор полный комплект уттуруп салса болобу. Экоо тим эле колтукташып келишкен, акыры мушташып, чачташа баштаганда арандан зорго суйроп чыгардык.
— Кечээ тундо машине дурулдогонунон терезени карасам силер турупсунар. А тиги жукту качан алпарасынар?
— Аны сага айта албайм, анткени озум да билбейм. Шеф жеткиргиле дегенде дароо алып жонойбуз.
Экообуз кечке бильярд ойноп, клубдан тун ортосу чыктык.
— Досум, уйуно жетесинби же узатып койойунбу?
— Мен го жетем дечи озунчу?
— Жетем эч камтама болбо.
— Басып баратып уктап калчудай болуп турасын.
— Коркпо, андан коро озун уйго тез бар.
Экообуз ЦУМга чейин жоо келип, эки жакка кеттик, мен туз эле Карпинкага жонодум. Айжамалдын уйуно жеткенде саат бир болуп калган. Терезелери карангы. Экинчи кабатка чыгып, эшиктин конгуроосун басып кечке турдум. Сыртка чыгып, кире бериштеги отургучка отуруп, куто баштадым.










