Пример HTML-страницы

Кайнене-келин баяны 9-БОЛУМ

https://kyrgyzcha.site/?p=51914&preview=true Кызыктуу окуялар.

Кайнене-келин баяны 9-БОЛУМ

— Пенденин ар бир сөзү кудайдын кулагында деп апам айткан. Элдин көбү жалынып бата берип турса, демек мен сөзсүз бактылуу, телегейи тегиз адам болом деп турмуштун убактылуу сыноолоруна чыдап койсом баары ойдогудай болот,— деп, анча мынчага маани бербей баары мээсине сиңип калды.— Кээ бир сараңдар бар, эки ооз батасын кызганып жүгүнбөй эле кой дешет,— деп, аларга кайра нааразы болуп калат.

 

Бир күнү Мая:

 

— Кемел мен өлдүм! Палоом, капкатуу болуп калды. Эми аны кантип дасторконго коём,— деп көз жашын көлдөтүп, ашканадан келди.

 

— Ии жинди, бүт ниетиңди тамакка коюп жасабайсыңбы. Билбесең апаман сурабайсыңбы? Мен сени баарын билет деп апама мактагам да,— деп Кемел күпүлдөп коюп эшикке чыгып кетти. Кемел Маяны өтө жакшы көрөт. Үй-бүлөсүнө жагынам деп бүт дитин коюп, тызылдап жүгүргөнүн карап боору ооруйт. Кээде тамактары даамдуу болбой калса ушинтип, уялганынан баладай ыйлайт. Бирок үйрөнсүн деп, анан калса аялымды башкарып турушум керек. Баланы жашынан, аялды башынан деп керсеңдеп коймою бар. Ошондо ичинен өзүнчө акырын алтыным, жаным деп аягында келесоом деген сөздү кошуп койчу. Алымкан апа да Мая ашканадан жүгүрүп чыкканда эле кемчилик кетиргенин дароо сезет. Акырын ашканага кирип, казанды ачып көрөт. Жакшы эле болсо, кайра барып ордуна олтуруп калат. Азыр келини бөлмөсүнөн чыкпай калды. Казанды ачып караса, палоого суусун аз куюп коюптур. Эне эшиктен кызыл, көк калемпирлерден жулуп келип, жууп, алардын ичине палоодон салып, керектүүсүн кошуп, казанга салып бышырып, башка тамак даярдап койду. Алты сотых жерден там салгандан кийин а

зыраак эле жер калса да, бир таман да бош жер жок. Чекесин гүлгө толтуруп, огородго тамак— ашка керектүүнүн баарын өстүрүп алышкан. Өзгөчө Кемел апасы экөө карайт. Таласта жашагандарында тамекиге иштеп көнүп калышкан. Келин ашканага келип, тамакты көрүп кайненесинин бетинен өөп, сүйүнүп жатты. Тамак аябай даамдуу болуп калды. Кемел апасынын жардам бергенин билип, апасына ыраазы болуп турду. Маянын көзү балбылдап, апасына улам нандан жылдырып коет. Эч нерсени түшүнбөгөн эле атасы жана эки бала. Тамактан кийин Кемел аялына: Мындай келесоодой кыялдарыңды коюп, үйрөн деп аялынын келесоо деген сөзүнө кандай реакция берээр экен деп күтүп турду. Мая байкуш чоң күнөөлүү кишидей, Кемелдин акырындап аны басмырлап баштаган сөздөрүнө этибар албай ыржалактап күлөт. Бирок өзүнчө калганда апасынын жоктугуна кейип ыйлап алат. Элдикиндей апам болсо ушунун баарын үйрөтмөк. Макмал менен Айсулуу кайынежелериме ушундай апасы барына суктанам. Мен келини эмес кызы болсом, дагы башка нерселерди үйрөтмөк деп ойлонот. Бирок Макмал, Айсулуулардын апасынын тарбия, насаат сөздөрүнөн тажап жатканын кайдан билсин. Колдо бар алтындын баркы жок да.

 

Бир күнү Кемел:

 

— Эй келесоо, бүгүн да тамагың каша го, өзүң же?— деп кабагын түйүп, катуу айтып чыгып кетти. Мая ошондо өзүнүн атынан атабай күйөөсү жаңы жаман ат коюп алганына ыза болду. Булар үйлөнгөнгө чейин деле аттарын аташчы эмес. Жаным, сүйгөнүм, алтыным, мамалагым деп бири-бирин эркелетишчү эмес беле. Эми эмне болду?.Кемел болсо аялын башкара алат экен деп үйдөгүлөр сүйүнүп калсын. Аялды башынан башкарыш керек, эркек болуп сес көргөзүп турайын деп ойлоп жүргөн. Өткөндө отурушта достору да:

 

— Музоо кезиңде сүздүрүп алба.

 

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE