Пример HTML-страницы

Кадамжайда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы Айдайдын өлүмү боюнча иш эмне болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда зордукталып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы Айдай Кочкоровага карата дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Акылбек Амираевдин айтымында, бул кылмыш иши азырынча тергөөдө.

«Тергөө иштери аяктап, экспертиза чыккандан кийин иш сотко өткөрүлүп берилет. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайда отурат», — дейт ал.

4-сентябрда Кадамжай районунда 9-класстын окуучусун зордуктап, өлтүрүп кеткени кабарланган.

4-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош—Раззаков унаа жолунун 146-чакырымында өзүнүн малын багып жүрүп, сел өтүүчү тоннелдин ичинде белгисиз кыздын жансыз денеси жатканын көрүп, «112» кызматына кабар берген. Окуя болгон жерди кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп, киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз кыздын жансыз денеси табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну — 2008-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган.

  • Жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (алсыз абалдагы адамды же баланы өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары — 1997-жылы туулган М.Ш., 1995-жылы туулган Г.Д. жана 1998-жылы туулган А. уулу С., андан кийин 11-класстын окуучусу кармалган.

  • Айдайдын ата-энеси Москвада иштеп жүрүшкөн. Кыз таенесинин колунда жүргөн. Ата-энеси бул иш боюнча катуу жаза колдонулушу керектигин айтышкан.

Кийинчерээк Айдай Кочкорованын өлүмүнө шектелип кармалган 4 жигит 2 айга камакка алынганы белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE