— башың менен сенин, ушуга да акча коротосуңбу, андан көрө муктаждарга бербейт белең деп, сковородка менен башка бир коет )). Эртең менен гүлдү көрүп
Кызык да турмуш, биринчи экөбүз жолуканда бир роза көтөрүп баргам, ошол эле күнү негедир мен сени алам десем, күлүп койгон. Экинчи жолукканда точно сени алам. Бирок менин эч нерсем жок, айылда эскии бир үй бар дегем. Ачыгын эле айткам совесть таза ))). Алдаган эмесмин )). Ошентип 2 айдын ичинде ары бери болуп үйлөнүп той берип жашап калдык. Анан концерт башталды. Москвага келип стройкада иштеп баштадым, жашаган жер жок иштеген жерге бир калганын үстүнө эки төшөк салып жатып алмай. Үй чаң ызы чуу строй материалдардын арасында. Элдер эрте бүтүп кетели деген ой болсо. Менде бул жакты бүтсөк кайда барып жашайбыз деген ой. Жалгыз жүргөндө бир толпа жашаган жерде, жыргап жашай берчү элек. Ал вариант болбойт дейм. Үйлөнгөндө баары укмуш болуп кетет деген калп )). Биринчи үч айда жакшы эле уруш талаш таарыныч болот. Бири бириңе көнгөнчө, кылк мүнөз деген бар. Мурун кийин кой ай жок жыргал болсо. Баш кошкондо үйгө киргенде бут кийимди чечиш керек, эшиктен жок дегенде эки нан ала келиш керек дегендей )). Бактылуу күндө эле боло бериш не реально )). Эң башкысы уруш талаш болгондо, эки жак ошол проблемага болгон туура чечими болсо Үй бүлө бекем болот. Бирөөсү чыга калып менин характерим башкача, мени башкача тарбиялаган, мен деген укмуштуудай жанмын дебей. Олтур суроону чечели, ушундан кийин ушул тема үчүн урушпайлы, азыр баарын сура айтайын деп ошого кайра кайтпай турган болсо. Ошондо ортодогу зымдар үзүлүп ар барган сайын уруш талаш азайат. Эгер күндө эле бир теманын үстүндө уруш боло берген болсо. Эки жак тең уруштун түбү эмес, куру принципте туруп акыя айтыша берсе анда күндө концерт күндө той болуп атып. Ашмалтай болуп калышат да анан досвидос дейт дагы Москвага бирөөсү келет)).
Кыскасы 2008 жылы жесткий кризис болот. Мени кидала кылат орус туугандар. Нерв болуп араң жүргөндө улуу кызым төрөлөт. Роддомдон чыкса эмне кылам кайда алып барам деп ойлонуп атып, төрөлгөн күнү да эртеси да больницага барбай калам. Ошондо да шеф бир жаман сөз айтпай мени түшүнүп телефондон мен анын эмес ал менин ахбалыбды сурайт)).
Ошондой оор учурда мен мурун жашап кеткен Рахат деген Москвадан таап алган эжекем бизди түшүнүп бир квартира алып берет. Эжекеме түбөлүк рахмат айтам. Өзүм банкрот болуп олтурсам мага ишенип кийин бересиң деп 150 миң бергенине. Ал квартира жаңы бүткөн Үй эле келсек эч нерсе жок бир плиткадан бөлөк. Жерге салган эки төшөк бар. Анча мынча идиш аяк анан тамак жасаган мискей бар ))). Айына 50 миң квартплата. Менде жумуш жок. Универге барганга жолго акча жок. Ушундай кыйналып турганда баланы баягы тамак жасаган мискейге жуунтушат досумдун аялы экөө. Баланы жуунтканы пластиковый тазик алайын десең нан менен картошкага жетпейт акча, ошондо да бир катуу сөз айтып. Эмне бакпайсың тиги бу дебеди. Мен эртең менен чыгам досум менен. Муз жарабыз подработка деп )) кар күрөйбүз, крышанын карын түшүрөбүз, 500 руб таап келе баштадык. Ошондой кыйналып жүрүп мен кичине акча таап. Кой жүрү экөбүз барып бир жакшы эт алып тамак жасап ичели деп ашанга баратсак, менттер жолдон тосуп, Нуринин регистрациясы бүтүп калган экен, алып кетебиз дейт. Үйдө грудной ребёнок бар десек. Эмне алдайсың бул кыз өзү баладай кайдагы баланы айтасыңар деп болгон акчабызды алып кетсе. Экөбүз бир чети бир чети күлөбүз блиин буюрса деп койсок болмок экен деп)). Ошентип атканда экинчиси боюна бүтүп калып , сухой молоконун эң арзанын издеп Малютка дегенди тапсак 123 руб экен) Ошого да бир жолу акчабыз жетпей перекрёстк магазинден араң алганбыз. Ошондон бери көп эле убакыт өткөндөй. Ошол жылдары туулган күнүбүз деле бир ыссык тамак анан кичинекей торт менен өтүп кетчү. Биз чогуу анча мынча кыйынчылыкта жүргөндө деле, кайгыга батып чөгүп кетчү эмеспиз негедир. Мискейге баланы жуунтуп жатканда деле. Азыр тамакка эт кошкондой даамдуу болот деп жыргап койчубуз. Мен кана үйдөгүлөргө билгизбеген менен, ичимден күйүп жана берчүмүн, иш издеп, кайда эмне жумуш болсо барып. Үйдү жакшы карай албай каламбы деп. Кудайга шүгүр азыр деле 4 баланын апасы болсо деле баягыдай. Ашыкча бир нерсеге акча коротсоң башың менен сенин деп коёт.
Эртең менен гүлдү көрүп
-башың менен сенин, ушуга да акча коротосуңбу, андан көрө муктаждарга бербейт белең деп сковородка менен урбайт. Жылмайып карап коёт)))
Туулган күнүң менен сулуу менин жубайым, өмүрүң узун келечегиң кең болсун, бактылуу бол, сага гүл берген адам андан да бактылуу болсун))










