Пример HTML-страницы

ЭМИ КИМГЕ ЭРКЕЛЕЙМ.

https://kyrgyzcha.site/?p=51079&preview=true Кызыктуу окуялар.

ЭМИ КИМГЕ ЭРКЕЛЕЙМ.

 

 

— Эркелик менин эң сыймыктуу мүнөзүм эле. Анткени табият мага эркеликти укмуш берген. Ата-энемдин жалгыз эрке кызы, байкелеримдин тентек бир боору болуп өстүм. Бул мүнөзүмө жараша жакындарымдын баары көзүмдү карап турушкандыктан кийин жеңелеримдин чоёктогон кызыкеси болдум. Мен жашоомдогу бул керемет учур дайыма уланат деп ойлочумун. Жаңылыптырмын. ..

 

***

 

21-жазым келди. Адаттагыдай ата-энемдин мага арнаган акчасын чачып, шаарда ордун таап калган байке-жеңелеримдин бирин калтырбай ойлонтуп туулган күнгө камынып калдым. Менин жалгыз жумушум – аларга чалып кайсы иш кандай бүтүп атканын билүү, жаңы нерсе самап калсам аны таптыруу. Бир жума бою ушинтип убакытты өлтүрүп ар бир саатта кие турган көйнөгүм, чач жасалгамды пландап, анан кимге кантип учурашам, кимге кантип жылмаям, күзгү алдында машыгуу менен алек болдум. Мен күткөн күн да келди. Меймандарымдын ар бири менен кучак жая көрүшүп, белектерин алып кубанычым ташып атты.

 

Сени ушул кечте кезиктирдим. Тамашасыз сүйлөбөгөн тайпалашымдын кыл өтпөс досу экениңди тааныштырып, токтоо куттук узаттың. Сенин мынчалык олуттуу экениңди жактыра бербедим. Кече көңүлдүү уланып, баарыбыз бир күү менен кубанычка оролуп бараттык. Мен сүйгөн бийге кезек келип ортого түштүм. Эч ким батынып жандай электе мени менен тирешкенден бетер ортону талашып бийге кирдиң. Мага бийлегениң жакты. Түйүлө түшкөн кабагым ачылып, сага тең тайлашууга болушунча аракет кылдым. Мен тарапта кыздар канчалык көп болсо, канчалык чуу түшүп сүрөөнгө алышса да сен жеңип кеттиң. Сен мага жагып калдың.

 

***

 

Ушул кеч ак жолтой болуп биздин таанышуу жакындан абал сурашууга, андан ынак мамилеге айланып баратты. Анчейин маанилүү эмес жумуштардын шылтоосу бизди көп кезиктирди. Андай ар бир жолугуу сайын мен өзүмдө бир оору күчөп баратканын сезе баштадым. Ал оорум сен болдуң. Сен эми мени эркелетип, менин миң түркүн кубулган кыял-жоругума чыдагандардын катарына кирдиң. Биздин ынак мамиле ысык сезимге айланды.

 

***

 

Сенин токтоолугуңду менин шайырдыгым, менин тентектигимди сенин көтөрүмдүүлүгүң толуктап бир жылды артка калтырдык. Жакын досуңдун жакшылыгына бирге барарыбызды айтканыңда кубанганымдан бир орунга турбай калдым. Ошол сааттан баштап конокко даярданууга кириштим. Өзүмдү жомокко каарман болчу куурчактай жасантып сени күттүм. Кезигип чоң көчөгө бастык. Таксиге аялдама жактан отурабыз го деген ойдо элем. Сен болсо ал тууралуу ойлонуп да койбой “маршрутка күтөм” дегениң чыны жинимди келтирди. Таксиге акча жок экенин айтып же менин “мен төлөйм” дегениме көнбөгөнүң ого бетер кыялымды курчутту. Жол боюнда кырка тизилген таксилердин бирине отурдум да, эшикти тарс жаптым. Машина жылары менен сенден дарек жазылып, аягында “мен барып калам, күтүп тур” деген смс келди. Мынча камынып алып, кайра үйгө шүмүрөйүп кирип баруу уят болгон үчүн гана катыңа макул болдум. Жарым саат кечигүү менен артымдан келдиң. Сенин суранычың менен жаркылдап отуруп, жакшы маанай менен кайтуубуз керек экенин макулдашып конокторго аралашып кеттик. Отуруш таңга чейин созулду. Кайтууга келгенде таң толук агарып автобус, маршруттар жүрө баштаганда гана үйдөн чыгарыбызды айттың. Коноктордун артында калып антип жүргүм келген жок. Такси чакырдым да, кетип калдым.

 

***

 

Ал күнү кечке сага болгон жиним тарабай жүрдүм. Эртеси таң менен акыбал сурап чалып же кат жазышыңды күтүп баштадым. Жоксуң. Чыдамым кетип чалгым, жазгым келгени менен эрким жетип мен сага ийиле алган жокмун. Үч күн өттү. Сени сагындым. Эмне мынча көгөрдүң? Бир эле кадам кылчы, мен сен айтканды аткарайын… Бирок менин бул оюм жарым ай кайталанганы менен ишке ашкан жок. Биздин жалпы тааныштар арасында экөөбүз тууралуу кептер кете баштаптыр. Мага жеткендер сага да жетсе керек. Кандай абалда экенибизди билгиси келип, мамилебиздин чын-бышыгына чыккысы келген эле жандар. Алардын алдында муңайым тартып, бышактап отургум келбей ар түркүн шылтоолорду жаадырам. Күткөнүм — сенин катың.

 

Таң менен туруп сенден кат келгенин көрүп жүрөгүм жарыла жаздады. Көргөнүм түшүм болуп калбагай эле деп шашып кеттим. Кубанып катыңды ачтым да, башка чапкан немедей шагым сынып отуруп калдым. “Биздин мамиле бүтпөдү беле. Эми мен тууралуу жалган айтпа”.

 

***

 

Бир жума бүк түшүп жаттым. Эч кимге эч нерсе айткан жокмун. “Айтпа” дебедиңби… Билесиңби, сени тапкан бир жылдан ашык убакыт ичинде мен баарын сендик кылып салыптырмын. “Кыз киши үйүнө конок болот”, “кыз – душман” деген ушул го дедим. Ойлонуп сереп салсам, сени таап, сага эркелеген күндөн баштап ата-энеме, бир туугандарыма болгон эркеликтин нугун толук сага буруп салган экенмин. Сен бөксөртүп кеткен жан дүйнөмдү толтуруу үчүн аларга башымды катып жылуулук алайын дегеним менен таптакыр анте албай койдум. Мен эми кимге эркелейм?..

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE