Пример HTML-страницы

Боомдогу күтүүсүз окуя ондогон адамды унаадан түшүүгө мажбур кылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-мартта Боом капчыгайында жол тайгак болду. Анын кесепетинен жол кырсыктар катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

«Жолдун тайгактыгынан унаалар көп кырсыктады. Биз үч унаанын тайгакта сүзүшүп турганын көрдүк. Алардын бири чалкасынан оодарылып калган экен» — деди күбөлөр.

Видеодон унаалардын колоннасын жана ондогон адамдарды көрүүгө болот.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы, аталган кырсыктан 2 киши жабыркаганын билдирди. Окуя саат 07:28 чамасында болгон. Алгач «Лексус» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, тосмону сүзүп, унаа оодарылып кеткен. Анын артынан келе жаткан «Тойота Эстима» дароо токтойм деп жатып, ал дагы тосмону сүзгөн. Андан кийин бул унааны артынан келе жаткан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Натыйжада эки киши жабыркап, медициналык кароодон өтүп кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE