Пример HTML-страницы

Битбокс менен алектенген 20 жаштагы Кантемирдин өнөрү (видео)

Акыркы жанылыктар

Turmush20 жаштагы Кантемир Тилешов битбокс менен алектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде хоббиси тууралуу айтып берди.

Жаш талант Өзгөн районунда төрөлүп, Ош шаарында чоңойгон. Учурда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинде 3-курста окуйт. Анын өзгөчө хоббиси — ооз көңдөйү менен добуштарды жарататат. Алгач бул хоббисин жакындары жакшы кабыл албаганын, бирок бул пикирлери акырындап өзгөрүп жатканын айтат.

«8-классымдан баштап парталарга бир ритмди жазып түшүрүп алып, оозум менен түрдүү добуштарды жарата берчү элем. Телефондон битбоксчуларды көрүп, аларды туурап, аракет кылып жүрдүм. Колледжге окууга тапшырганда битбокс менен толук алектенип жүргөн досум көп багытын үйрөттү. Ошондо өз алдынча көбүнчө туура эмес жасап жүргөнүмдү билгем. Шаарда битбокс менен толук алектенген агалар менен таанышып, ыргакка түшүргөндү, ыргакты сезе билүүнү үйрөндүм. Алгач алектенип баштаганда ата-энем, досторум, айланамдагылар «боло турган нерсе менен алек болсоңор, келечеги жок» деп көп айтышкан. Эми азыр деле көз караш өзгөргөн жок, бирок бир аз каршылык көрсөтпөй калышты. Ата-энемдин каршы болгонун дагы бир себеби, артымдан инимди да битбокска тартып, экөөбүз чогуу үйрөнүп жаттык» — дейт Кантемир Тилешов.

Битбоксчу бул өнөрүн өркүндөтүп, дүйнөлүк сынакка катышуучу, жок дегенде көрүүчү болуп барууну кыялданат.

«Битбокс десе эле кайсы музыканы жасай аласың дешет. Битбокс башка жанр болуп бөлүнүп чыккан. Бирок учурунда белгилүү болуп турган музыкаларды, ырларды кавер кылса болот. Муну ар бир адам эле жасап кете албаганыдыктан бул менин өзгөчөлүгүм десем болот. Футбол ойной турган адам дароо эле талаага чыгып, футболчу болуп калбагандай, битбоксчу да көнүгүүлөрдү жасап, ыргакка түшүп, анан чыныгы битбоксчу болот. Тил, ооз көңдөйүн, эриндерди чогуу иштетүү оңой эмес. Мисалы, тамагың ооруп, үнүң же мурдуң бүтүп калса, жасай албайсың», — деди ал.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө 30-40 жаштагы битбоксчулар бар. Ал бул өнөрдү аркалагандардын жашы чектелбейт деген пикирде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE