Пример HTML-страницы

Башкы прокурордун сынынан кийин Араван жана Кара-Суу РИИБдин башчыларынын орун басарлары алмашты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары алмашты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 13-сентябрдагы буйругунун негизинде милициянын подполковниги Акылбек Маматалиев Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Ал эми милициянын подполковниги Бегалы Молдоев Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Араван РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Б.Молдоев Ош облусунун Кара-Суу районунун, А.Маматалиев Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну.

Милициянын майору Чыңгыз Айтимбетов Араван РИИБдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, Кара-Суу РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары болду. Ал эми милициянын майору Мирбек Толтоев Кара-Суу РИИБдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулуп, Араван РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басарына дайындалды.

Ч.Айтимбетов жана М.Толтоев Ош облусунун Өзгөн районунун тургундары.

Кызматка жаңы дайындалган орун басарларды өздүк курамга Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлары Ашим Раимбердиев жана Улан Асанбаев тааныштырды.

Мындан сырткары бир катар бөлүм кызматтардын башчылары ушундай эле тартипте орун алмашты.

——————————————————————-

2022-жылы 9-сентябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Кара-Суу районунун тургундары менен жолугуушуда милициянын ишин сынга алган.

Курманкул Зулушев Кара-Суу РИИБдин башчысын тургузуп, кайсы жерден болорун, бул кызматка которулуп келгенине канча болгонун сураган

Кара-Суу РИИБдин башчысы Кара-Балта шаарынан болорун, кызматка келгенине 25 күн болгонун айткан.

Андан кийин Курманкул Зулушев Кара-Суу РИИБдин тергөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлер боюнча орун басары кайда экенине кызыккан.

Залдан милиция кызматкери туруп, Кара-Суудан болорун билдирген. Зулушев тергөө бөлүмүнүн башчысы кайсы жерден экенин сураган.

«Кара-Суудан болот», — деп жооп берген милиция кызматкери.

Курманкул Зулушев: «Экөөнү тең алмаштырыңыз. Бүгүнтөн калтырбай Ош ОИИБден алгыла. Угуп жатасыз ээ? Эгер сиз иштейм десеңиз, тез арада тазалаңыз. Улуттук коопсуздук кызматы барбы бул жерде? Бөлүмдүн башчысы барбы?», — деген Зулушев.

«Ооба», — деп жооп берген кызматкерлердин бири.

Зулушев анын кайсы жерден болоруна кызыккан. Ал Ноокат районунан экенин айткан.

57:00 баштап көрүңүз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE