Пример HTML-страницы

Башкы дарыгердин баяны…

https://kyrgyzcha.site/?p=54432&preview=true Кызыктуу окуялар.

Башкы дарыгердин баяны

Кырк жылдан бери рак оорусуна жолуккан бейтаптарды дарылайм. Ушул убакка чейин түрдүү окуяларга туш келдим. Алардын ичинен 1976-жылы болгон бир окуяны баяндап берейин…

Башкы дарыгер болуп иштеп турган убагымда жаш жигит өпкө рагына чалдыгып келип калды. Аны өзүм дарылачу элем. Кудайдын уруксааты менен кыска убакыт ичинде абалы жакшыра баштады. Болгону, кеминде беш жылга чейин өзүн жакшы карап, кээ бир нерселерден тыйылып турушу керек эле. Төрт жыл өтүп, ал жигит Измирге барып келүүнү суранып калды. Кыш айы болгондуктан самолётто барып келүү шарты менен уруксат бердим.

 

Тилекке каршы ал самолётко билет алалбай, автобус менен жолго чыгыптыр. Анын үстүнө автотыгында алты саат суукта калып кетиптир. Кесели тез арада анын сөөк жана өпкөлөрүнө таркап кетт. Бул болсо башка оорулардын да сезгенишине себеп болуп, баса албай, дайыма кислород менен дем ала турган абалга алып келди.

 

Бир жолу үйүнө барганымда:

 

«Доктор… Мен сизге абдан нааразымын», – деди.

 

«Эмне үчүн?» деп сурадым.

 

«Сиз… диндар адам экенсиз. Неге мага да Аллахты, өлүмдү, акыретти түшүндүрүп бербедиңиз?»

 

Анын суроолорунан бир аз ыңгайсыз боло түштүм.

 

Жигиттин көңүлүн алуу үчүн аракет кылып: «Догдурга ар кандай абалда акчасын берип, дарылана бересиң. Бирок, ыйман дарысын алуу үчүн чын дилден каалашың керек», – дедим.

 

Ал чын дилден каалайм деген мааниде башын ийкеди. Ушундан кийин үмүтсүз медициналык дарынын үстүнө ыйман менен да дарылоо башталды. Ал болсо мен үйрөтүп жаткан ыйман акыйкаттарын чын жүрөктөн тыңшап, айрым учурда суроолорун берип турар эле.

 

Бир күнү «Доктор, – деди… өлүп баратканда эмне дешим керек?»

 

«Сага али шахадат келмесин айтуу узундук кылат. «Аллах, Мухаммад», десең сага үзүр», – дедим. Оорусу күчтүү болгон үчүн көп кыйнабайт элем. Бул арада сапарга кетип калып, кыска убак көрүшпөй калдык.

 

Кайтып келгенимде апасы коңгуроо кылып: «Балам бир жумадан бери укол албай жатат», – деди.

 

Тезинен анын үйүнө барып, эмне үчүн укол албай жатканын сурадым. Анын жообун ушул убакка чейин унута албайм… Эстегенде титиреп кетем:

 

«Дарынын таасири менен уктап жатканда өлүмгө туш келип «Аллах, Мухаммад», дей албай калсамчы?» – деди.

 

Эртеси күнү ага: «Эч коркпо – беймарал укол алышың мүмкүн» дедим.

 

Жигит бул учурашуубузда акыркы суроосун берди:

 

«Доктор! Азраил… мага кандай… абалда көрүнөт?»

 

«Уулум, Азраил алейхи салам бир периште. Кыйналба, ал сага жакшы кебетеси менен келет Иншаалла», деп жооп бердим.

 

Шейшенби күнү жигиттин абалы оорлошкондуктан үйүн көздөй жол тарттым. Бирок, тилекке каршы аны менен амандашуу мага насип болбоду. Үй-бүлөсү бүтүндөй ызы-чууга түшүп калган экен. Бир гана диндар карындашы, мени көргөндө жаныма келип, анын соңку абалын айтып берди: «Бир аз мурун үйдө бир муъжиза болуп өттү. Агам кислородун чечип, кыймылдаба дегенибизге карабай, туруп даарат алды. Андан кийин эки рекет намаз окуду. Баардыгыбыз нес болуп калдык. Кийин болсо шахадат келмесин келтирди жана «Догдурга айтып койгула, өлүм периштеси ал айткандан да сонун кебетеде көрүндү», – деп жаны үзүлдү»…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE