БАКЫТ АЛЫП КЕЛБЕГЕН БАЙЛЫК 3-БӨЛҮМҮ…
Азиз үйгө келгенде аялы мал сарай жакта жүргөн экен.
—Эй сен эмне бул жакта жүрөсүң? — деди акырын жанына келип шыбырап сүйлөп.
—Кайтарып, — Самара да эки жагын элеңдеп карап акырын жооп берди
—Келесоо! Бул жака өтө бербе! Шек алып калат бирөө көрсө!
—Эк сени! Үйгө эле бекителичи! Сыртта турса бирөө кирип казып кетчүдөй эле коркуп жатам, — деди Самара
—Үйдүн каерине катат элек муну? Балдар көрүп калса болбойт. Самара, балким алып барып тапшырып салсамбы э? — деди Азиз коркконунан.
—Жинди болдуңбу сен?! Ушундай акчаныбы? Жок! Иштетебиз! Кызыңдын окуусуна төлөйбүз. Уулуңду үйлөйбүз. Үй жайды оңдоп түзөйбүз, — деди бежиреп сүйлөгөн аялы.
—Кайраным ай, акчаны көрүп эле өзүңдү жоготуп коюпсуң го! Эч дегенде кайдан пайда болду? Кантип колуңа түшүп калды деп сарсанаа болуп койсоң боло? — деген Азиз Самараны карап баш чайкап алды.
—Сураганда эмне? Билгенде эмне? Баары бир үйгө алып келдиң? Бул деген бизге кудайдын сыйлыгы Азиз! Сен ушунча жыл таза иштедиң. Кана бийлик тарап муну көргөнү? Кана көтөргөнү кызмат ордуңду? Жаныңды берип иштедиң? Эч кимден пара албадың! Кудай ушул тараптан берди Азиз! Колдонуп калалы!
Аялы дагы көп сөздөрдү сүйлөдү. Алардын жарымы Азиздин кулагына кирсе, жарыма кирбей жатты.
«Чын эле» — деди ичинде. «Эмнеге маңдайымдан чыккан мүмкүнчүлүктү колдонуп калсам болбойт? Бала Эч нерсени билбейт. Эстей да албайт. Анын үстүнө караңгы болчу. Жоок, мен бул акчаларды бербейм эч кимге! Бул үчүн жетишерлүү мээнет кылдым! Мен жогорку тараптагыларга караганда элдин акчасын уурдаганым жок» — деп жатты ичинен аялынын сөздөрүн кубаттап.
Азиз тоолуу райондордун биринде милиция бөлүмүндө канча жылдан бери иштеп келет. Чын эле жумушка келген күндөн таза иштеди. Пара албады. Алдына жардам сурап кайрылгандардын баарына колунан келген жардамын берди. Көп эле учур болду жумушунда акча сунушталган. Негедир абийири жол берген эмес. Берген антына кыянат кылбайм деди. Тоолуу район делгени менен ал жакта да оной кылмыштар катталбайт эле. Ошол сыңары тергөө учурунда не деген акчалар сунушталган жок. Баш тартты. Кесиптештеринен тарта, жергиликтүү тургундар да мунун пара албастыгын таза иштерин билип бүтүштү өткөн жылдар аралыгында. Ошондуктан акыркы жылдары ага пара сунуштабай деле калышкан. Азиз жаш кезинде, балдары али кичине кезинде ушинтип иштеди. Маянасы жетчү баарына. Бирок бара — бара замандын талабы дейбизби, же өлкөгө келген кризистен улам кыйналды. Маянасы башында айдан айга араң жетчү болсо, кийин балдары чонойгон сайын жетпей атүгүл карыз болуп калып жатты. Ошентип олтуруп банктардан насыя алып, кайра аны төлөөгө келгенде акча таппай башка банктан насыя алып айтор белинен өйдө карызга батты. Балдары бой жетип алардын керектөөлөрү күн сайын өсүп баратат. Азиз абдан кыйналды. Бир жагынан карыздары, кымбатчылык… Анан эле мынтип алдынан тагдырдын күтүлбөгөн «сюрпризи» чыкты. Эгер муну «сюрприз » — деп атоого болсо албетте. Балким бул өзүнүн шору…
Түн кирери менен аялы да, өзү да кирпик ирмебей чыгышат. Улам кезек менен сыртка чыгып айланага кулак төшөп кайра киришет.
—Акчасы көптөр кантип тынч укташат болду экен? — деди шыпты тиктеп жаткан калыбында
—Алардын үйү коргон менен тосулган, сакчылар кайтарат үйүн. Сенин үрүп чыгаар итиң жок, ушинтип кайтарабыз да анан? — деди аялы жылмайып
—Бул иш тынч бүтсө биз да ошентип үй салалы ээ анда? Экөөбүз мынтип кайтарсак болбойт экен, — деди Азиз да күлүп.
Азиз көздөрүн ачса узун жолдо баратыптыр. Ошол акчаны таап алган түндөй айлана көзгө сайгыс караңгы. Бирок бул жолу ал унаасы менен эмес, жөө басып баратыптыр. Бир убакта жолдун чекесиндеги оодарылган унааны көрдү. Азиздин жүрөгү бир булкунуп алды. Баргысы келген жок. Бирок буттары өзүнөн — өзү ошол тарапка басып өзүн өзү эмес башка эле бирөө башкарып бараткандай. Оодарылып жаткан унаага жетип ылдый болуп карады. Көк көздөрүн кулмүңдөткөн аял жатыптыр көйнөгү канга боёлуп. Мурункусунда жалдырып жардам сураган көздөрү бул жолу бажырая өзүн карап күлүп турат. Жанында акча эмес кара чаар жыландар жатат. Азиз артка кетенчиктей берди. Арты менен качып баратып кулап кетип кайра туруп чуркап баратты. Канчалык катуу чуркаса да буттары тушалып калгандай алдыга жылбайт. Тиги аялдын жанында жаткан кара жыландар өзү жака сойлоп келе жатканда бакырып жиберип ойгонуп кетти. Алка — шалка терге түшүп калыптыр. Сыртта болсо таң жаңы гана үрүл — бүрүл болуп атып келе жатат. Таңкы намазга азан айтылып бүт момун — мусулмандарды өз парздарын аткарууга чакырып жатты.
—Ойгондуңбу? Жаман түш көрдүң го? Ойгото албай койдум, аябай кыйналбадыңбы? — деген Самара күйөөсүнүн куюлуп жаткан терин аарчып жатып сүйлөдү
—Ооба жаман түш, — деди Азиз али энтиккени басылбай.
—Кой бүгүндөн калбай өзүңө дем салдырып окутуп кел.
—Ооба, ооба… — Азиз башын ийкегилеп жатты. Али да болсо толук өзүнө келе элек болчу. Азыр эле көргөн түшү эсинен кетпей кыйнап жатты. «Эмнеге кайра түшүмө кирди? Балким бул кандайдыр бир аяндыр? » бир аз ордунда жаткан соң, аялы даярдаган чайды да ичпестен айыл башында жашаган Зуура энеге өзүн окутканы жөнөдү.
Хан Аяттын бөлмөсүндө олтурду. Элжиреп күндө көкүрөгүнө баспаса да ошончолук жакын болуп көнө түшкөн экен. Нейланын акырын басып, анда санда чыккан илбериңки үнүнө кадимкидей куса боло баштады. Булар келгенге чейин билинбейт болчу. Көрсө үйү ушулар менен толукталып тургандай экен. Ээнсиреп 3 кабаттуу особняк мазарга айланып калгандай.
—Сүйдүрө албай койдум! — деди каткырып мазактуу. Аяттын уктоочу керебетинин жанындагы кичинекей китеп тизчү текчеде турган рамкага салынган сүрөттү колуна алды. Үчөө турат бактылуу жылмайып. Нейла, Аят жана Ариет. Нейланын жылмайганда жайнап кеткен көздөрүн тиктеди. Ушул сүрөттөгүдөй эч качан өзү менен жашаганда күлбөптүр. Муздаган көздөрү менен карап, жылыбай койду го буга. Башын чулгуп жиберди. Көзүнүн кычыгына келе калган жашын ушинтип токтотуп калды Хан. Ушул убакта телефонуна чалуу келди.
—Угуп жатам! Азыр барамын! — деди да шашыла бөлмөдөн чыгып кетти.
Нейланын жансыз денесин тиктеп олтурду. Упузун кирпиктери кайрылып, асмандай тунук көк көздөрүн жумуп суналып жатат. Авто кырсыктан өлгөн адамга окшобойт десең. Апакай, келишимдүү денеси, төгүлгөн тармал чачтары… Кудум уктап жаткан периштедей. Хан акырын Нейланын денесин сылады. Тирүүсүндө колун тийгизе көрбөй диртилдеп качан келин жылаңач боло керилип жансыз жатат. Каткырып күлдү Хан.
—Эмне болдуң карачы? — деди келинди ээгинен кармап.
—Качып каерге келдиң? Жада калса өлүп калсаң да алдыма ыргытып кетишти сени! Айттым беле менден өлүп да кутулбайсың деп? — Хан алдында жансыз жаткан кыздын чачтарынан кармап өзүнө жакындатып сүйлөй берди. Кудум азыр Нейла кирпиктерин көтөрүп өзүн көк көздөрү менен тиктөөчүдөй күтүп турду да кайра шалак эте жерге таштады кыздын денесин.
— Денени ороп унаага салгыла! — деди сыртта турган жигиттерине.
—Эртен биринчи көрүп милицияга кабар берген адамды алып келгиле!
—Шеф?
—Эмне?! — деди Хан кутурган иттей кызарып кеткен көздөрү менен карап
—Баланы эмне кылалы? Борборго которуу керек экен. Ал жактагы аппарат сактап калбайт дейт
–Кала берсин, анын мага кереги жок! — деди да тарс эттире эшикти жаап чыгып кетти.
Нейла менен Хандын кесилиш келген жолдору мына ушинтип аяктады. Тагыраагы Нейла ушинтип соңуна чыгарды. Ал качып кеттим деген. А бирок Хан айткандай анын туткунуна түшкөн эч бир адам тирүү чыга албайт эле. Муну Нейла күйөөсү Ариеттин өлүмүнөн кийин көрсө да ишенбей, дагы эле бир жакшылыктан үмүт этип жашап, акыры качпады беле?
Ариет демекчи Нейланын, ага кошулуп уулу Аяттын тагдырына байкабастан балта чаап, аларды ушул тагдырга туш кылган да ошол Ариет.
Уландысы бар








