БАКТЫМА ЖОЛУКТУМ

БАКТЫМА ЖОЛУКТУМ Кызыктуу окуялар.

 

БАКТЫМА ЖОЛУКТУМ

 

Кызык, мен аны биринчи көргөн­дө эле менин бактым экенин сезген элем. Бактыма жолугууга досторум себепчи болгон. Ошол күнү көптөн бери жолуга элек досторум менен кезигип калдым. «Бүгүн конок­ко барабыз. Ырас жолукпадыкпы»-деп гүүлдөгөн досторум мени өз тобуна кошуп, сүйрөп кетишти. Досум Касымдын сүйлөшкөн кызынын туулган күнү экен. Белек-бечкегибизди алып, топурап жөнөп калдык. Биз барганда кече өз көркүнө келип калыптыр. Бир топ кыз- жигиттер бийлеп жүрүшөт. Менин көңүлүм столдун четинде ойлуу отурган кызга түштү. Колун чекесине таянып, көздөрү санаалуу.

– Каракөз, сен эмне эле бүгүн башкачасың?

– Келсең, бийдин көркү элең го…

Дуулдашкан курбуларына муңайым күлүмсүрөп койгону менен ордунан козголбоду.

– Мени жөн койгулачы, кыздар, мен ушундай эле отурам.

Азыраак дирилдеген үнү башкача назик экен. Билбейм, негедир ошончо кыздын ичинен менин көңүлүм ушул кызга түшүп туруп алды. Жанына бардым.

– Сизге мүмкүнбү?

Жалт караган көздөрүндө «жайыма койгулачы?!» деген жалыныч да, өтүнүч да бар эле. Бекеринен курбулары «каракөз» деп аташпаса керек. Кыздын капкара каректери куду жазгы жамгырга жуулган карагаттай мөлтүр эле.

– Атыңыз өзүңүзгө жарашат экен,– дедим мен.

Жок, менин атым Каракөз эмес, Мунара.

Мен кызга обу жок жабышпай, сыпайы мамиле кылганым үчүнбү, кыз жылуу сүйлөшүп, кээде күлүп калып жатты. Бирок, карегинин түпкүрүндөгү суздукту канчалык аракет кылсам да кууй албадым. Кезигип турууну сунуш кылсам да, башын аста чайкап макул болбоду. Ошол күндөн кийин дарты жок ооруга кабылдым. Көз алдымдан муңайым жылмайган Мунаранын элеси кетпейт. Кызды сыртынан эле акмалап, караанын көрсөм ошого ыраазы болуп жашап калдым. Көңүлүмө бүлүк салган Мунара экенин досум Касымга четин чыгарсам күпүлдөп коё берди.

– Ой, анчалык эмне эле кыйналасың? Сенин көңүлүңө жакса эле болду. Айчүрөк болсо да макул кылабыз.

Аны уккан Ырыскүл кашын серпе жактырбай сүйлөдү.

– Жөн эле көлөкөгө тон быча бересиңер. Анын деген…– деп барып мукактанып калды.

– Эмне болду?

– Анын учкуч жигити бар. Бирок, көптөн бери кабарсыз кетти. Ошон үчүн…

Жүрөгүм «тыз» дей түштү. Дароо Мунаранын кусалуу көздөрү көз алдыма келди. Ордумдан туруп басып кеттим.

 

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙ

 

Артынан түшүп жүрүп акыры Мунараны алакачтым. Анткени, мен аны күн алыс көрбөй жашай албай калгам. Буркурап боздогон Мунара акыры башына ак жоолук салынып, тагдыр буйругуна баш ийип берди. Ошентип, тойду баштап жибергенден кийин агасы менен жеңеси кууп келсе болобу?!

– Силер кимсиңер, ыя? Окуп аткан кызды ала качып… Мен силерди соттотом! Кана менин карындашым? Бол, көрсөткүлө…

Эч кимдин сөзүн укпаган агасы демите сүйлөп, түз эле көшөгөгө карап басты. Суроо артынан суроо узатты.

– Мунара, алакачып келгени чынбы?

– …

– Мунара, аркаңда эч ким жок деп ойлобо. Азыр күлүн көккө сапырып туруп…

– Аке, мен… мен кете албайм. Эми кеч. Аттап кирген босогону кайра аттап кете албайм,– дирилдеген Мунаранын үнү чечкиндүү эле.

Азыркыга чейин эмне үчүн Мунара антип калып калганын түшүнбөй келем. Делбиреп жүргөн апамды аядыбы же ансыз жашай албай калган мени аядыбы, билбейм. Ошентип, айдай сулуу Мунара менин аялым болуп калды. Менин бактымда чек жок эле. Окуусун сырттан бүтүрөм деп Мунара биздин айылга мугалим болуп орношуп алды. Жай турмушубуз уланып жатты. Мунара эл оозуна алынган ыймандуу келин болуп чыкты. Жыл айланбай балалуу да болдук. Сыртынан караганда, биздин жашообуз адам суктанаарлык болчу. Бирок…

АЧЫЛБАГАН СЫР

 

Мунарага суктанбаган адам жок эле. Мендеги кызганычтын башаты да ошондон улам болдубу деп ойлойм. Анан калса, элдин аялдарындай мага эркелеп, жароокерленген адаты жок. Ким билет, балким, анын табият берген мүнөзүдүр… Бирок, эч качан мага ачылып сырын айткан жок. Баягы биринчи көргөндөгү кара мөлтүр көздөрү дагы деле бир сырды жашыргандай телмире берчү. Башында көп көңүл бурбасам да, кийинки кездери ушул нерсе жанымды курттай жеп туруп алды. «Эмне кеч келдиң? Кайда жүрөсүң? Сен аны менен соо эмессиң…» Жумушунан келген аялымды ушул сөздөр менен каршы алуу мага адатка айланды. Бул сөздөр анын жанына таштай батып бара жатканын сезсем да, кимдир бирөөдөн кызгана берчү болдум. Өзүмдү да, аны да кыйнаган бул сезимден кантип кутулаарымды билбей жүргөндө көкүрөгүмө дагы бир шек түштү. Биздин айылдын мектебине жаңы директор келип калды. Жаш, өзүнө-өзү ишенимдүү бул жигитти баары эле сөз кылып жатышты. Мен дагы Мунарадан сурап калдым.

– Баары эле жаңы келген жигитти мактап жатышат. Кандай неме экен?

– Билбейм, мага өзгөчөлүгү деле билинбеди. Жөн эле элдин сөзү болсо керек.

Мунаранын бул жообу ого бетер безиме тийди. Мени атайлап басынтып жаткандай сезилди.

– Сага баары бир экен да, ээ?

– Болдучу, сенин ашыкча кызганчаак экениңди элдин баары сөз кылып жатышат. Анчалык эмне күнөөм бар сенин алдыңда?

– Күнөөң… күнөөң мага мени сүйүп тийген эмессиң!

Мунара бул сөздөрдөн камчы менен чапкандай «селт» эте түштү.

– Эмне дедиң?

Мен буулукканымды жашырып, бурулуп кеттим. Көптөн берки көкүрөгүмдөгү дартымды айтып алып жеңилдей түшкө­нүмдү сездим.

 

КОРКУНУЧТУУ ОЮН

 

Мунаранын ак экенине канчалык ишенсем дагы көкүрөгүмдөгү кызганыч мени ар түрдүү ойлорго түртө берчү болду. Ушинтип эзилип жүргөнчө аялымды текшерип көрүүнү чечтим. Бул оюнум өз башыма муш болоорун ошондо эле билсем кана…

Бир күнү Мунарага кимдир бирөөнүн атынан, болгондо да жанагы жаңы келген директордун атынан кат жазып жибермей болдум. Оюмда Мунаранын мага канчалык деңгээлде туруктуу экенин билүү эле. Калем сабымды алдым да, атайын өзүмдүкүнө окшошпогон кол жазма менен кат жазууга кириштим. Катта мен (директор) Мунараны биринчи көргөндө эле сүйүп калганымды, ошон үчүн бул мектептен кете албастыгымды, ансыз күнүм караңгы экенин, дагы далай нерселерди жаздым. Ошол күнү мектептин далдоосунда туруп, кетип бара жаткан кичинекей баладан катты берип жибердим.

– Мектепте иштеген Мунара деген эжекеңди билесиңби?

– Билем.

– Анда ошол эжеңе алпарып берип кой. Эч кимге бербе андан башка. Эгерде тапшырманы жакшы аткарсаң, мен сага конфет сатып берем.

Кичинекей бала башын элп