Пример HTML-страницы

Аламүдүндө 4 жаштагы баланын жансыз денеси табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында сууга агып кеткен жаш баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

4 жаштагы бала Маевка айылынын Скворцов көчөсү аркылуу агып өткөн Кичи Чүй каналына түшүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 15-августта жерине издөө иштерине Бишкек шаардык №161 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, натыйжа болбогондуктан саат 22:28де издөө иштерин токтотушкан.

16-август күнү издөө иштерине №161 куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучуу тартылып, кечинде аталган баланын жансыз денеси суудан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE