……….19-бөлүм………….
Азап менен башталган жашоом, азап менен аяктайт экен да. Жашоонун жыргалын бир таткым келди эле, ден-соолук бул бакытты менден дагы бир жолу тартып алды. Мына суунун бузулганын ичип, нандын таштай катуусун, тамактын көк басканын жеп жаттым. Перизат келгенде жалдырайм, суранам угуп койсочу же. Мен дагы убагында жаш болгом, ушул күн башыма келээрин үч уктасам да түшүмө кирген эмес болчу. Чыдабай калганда Эсенди чакырууну чечтим. Жок мени караганы эмес, акыркы жолу көрүп алуу үчүн. Баламды сагындым, ойлосом жүрөгүм токтоп калчудай болуп жатат. Балама коңгуроо кылаардан алдың аябай ойлондум.
Бакытка татыктуумунбу?-деген суроо келди биринчи болуп.
Эмнеге жок? Эмнеге татыктуу эмесмин? Окуучу кезимде башыма түшкөн бул түйшүк мени гөргө тыгып тынмай болду. Бир зөөкүрдүн артынан өмүрүмдү бекер кетирдим. Өч алып, бейкут жашоодо жашаймын деп адашыптырмын. Кээде бул ой келет мага, -«мени капа кылгандардан өч алам!-деп көрсө өзүмдөн өзүм өч алып алган турбаймынбы. Же адашып жатамбы? «Өч алдым, алымдын жетишинче эркектерден өч алдым». Бир эмес алты эркектин жашоосун бүлдүрдүм. Жек көрүү сезими бул атаң, бул сүйүктүүң, бул өмүрлүк жарың, бул кайнатаң, бул балдарың деп бөлбөйт экен, эч кимди тааныбай калат экен. Өч алуу, жек көрүү алдыңдан чыкканды жакшыбы, жаманбы дебейт экен. Чекеден баарын бактысыз кыла берип, эң артында бактысыздардын жүрөгүндө уюган таарынычтын убалы өзүңду уруп, өзүңдү дүйнөдөгү эң бактысызга айлантат экен.
Эх жашоо, эх өмүр, эх жакындарым, эх балдарым, эң башкысы кудай мени кечиргиле. Өч алдым, билбейм кимден. Ким көбүрөөк азап тартканы суроо бойдон калууда. Менден башкасы жашоолорун мыкты нукка буруп кетишти. Алардын жашоосунда мен эч качан болбогондой түр көрсөтүп алышты. Бул мени жумшак кебез менен муунткандай болуп келет. Мына азыр, күнөөмдү мойнума алып, чын дилден өкүнүп турам. Демек, бул жек көрүү жоголду. Мен жеңдим. Бирок, жеңгеним менен пайдасы эмне? Баарыбир жашоом аяктап, оорум менен жекеме жеке калбадымбы. Бул жалган жашоо экенин кеч түшүндүм, түбөлүк жашоону ойлобой ошончо күнөөнү мойнума артып алдым. Эми кудай өзү кечирсин, ырайым кылсын.
Жок дегенде акыркы күндөрүмдү бактылуу өткөрөм. Мага эч ким тоскоол боло албайт. Телефонду таппай калдым, Перизат алып кеткен окшобойбу. Перизатка менин өлөйүн деген телефонумдун эмне кереги бар дейм да. Же мени балдары менен коштошпой арманда кетсин дедиби? Билбейм, билбейм Перизатты күтөйүнчү.
Койкоңдоп үч күндөн кийин келди, мени карап мурдун чүйрүп жийиркенди ачык эле. Өзүмдүн заарамдын сасыгына өзүм тумчугуп жатам. Көздөрүм мусаапырдыкындай жалдырап турчу эле Перизат келгенде, мунусунда сыр бербей жаттым. Жуугандан жийиркенип, дагы жаңы ак алып келиптир. Бул шумпай булганган төшөктү кошуп ыргыта берип үйдө төшөк аттуу калбаптыр. Үйдү тазаламыш этип, тамак жасады. Анан менин карточкамды алып банкка кетти. Кичине кийимим которулуп, астым тазаланып, курсагым тоюп жыргап калдым. Перизат он беш сантиметр бут кийимин чечпей, такылдатып үйгө кирди. Мага памперс, нан дагы керектүүлөрдү алып келип калган акчаны өзү алыптыр. Анысына деле кайылмын.
—Перизат эмнеге көпкө жоголдуң?
—Апа сүйүнчү, мен үчүн кубансаңыз болот. Турмушка чыгып жатам, тойго даярданып бошобой жаттым. Айдинаны алып калгыла өзүңөр, атасы келип алсын же балдар үйүнө берем.
Эх макулук, качан башыңа келгенде билет экенсиң да. Мен дагы ушинтип үйлөнбөгөн Рыспеке тийип алып, кандай кыйналдым эле. Жакшылыкты ашыкча болот деп эмес, кайненеме эрмек деп таштагам. Анын үстүнө балам өзүн-өзү эптеп калган болчу. Бул мага бирден эми өткөн кызды берген жатат. Мен өлүп калсам ал кызды ким карайт? Эсен кызды багам!-деп окубай калабы. Перизатка канча акыл айтсам да өзүнүкүн бербеди. Мени да кайненем канчага чейин кайтара албай жүрдү? Ошондо Эрболго кайтсам балким жашоо башкача болмок? Балким дагы көп балалуу болмокмун? Мейли бешенеге жазганын көрөт экенбиз да. Кудайга шүгүр ушуга да. Алла таалам айткан экен го. «Пендем канча сыноо көтөрө алса, ошончо сыноо берем»-деп. Демек мен аябай чыдамкай экенмин, кудай мага сыноо берип жатса демек, мени унутпаптыр шүгүр.
—Перизат, тамакты көбүрөөк бышыр да тиги муздаткычка салып койчу. Анан маңдайдагы кошунаны мага чакырып коюп кете бер. Эми убара болуп келбей эле кой, Эсен келсе кызды өзү алып кетет. Мен кабарлайм сага. А баса мен телефонумду таппай жатам, көргөн жоксуңбу?
—Эмнеге келбей эле коёюн? Башка кызматкер алдыңарбы? Айтып жатпадыңар беле, эл эмне дейт, кокуууй!-деп. Эми дей беришсинби?
—Андай эмес, балдарым, келиним келип карайт мени.
—Мен киммин анда сизге?
—Келиним эмес кызым болтуруп алайын десем болбой койдуң. Ушул үйдө кыз жок эле Айдинаны төрөп бердиң рахмат. Айдинага эжедей болуп бул үйдүн чоң кызы бол десем да көнбөдүң. Менин өмүр баянымды билесиң, мына сен да кызыңды таштап сүйүү деп кетип баратасың мага окшоп. Менин азыркы акыбалымды карачы? Андай жолго барбайт элем, ал убакта жаш болуп, Эрбол түрмөдөн чыгып аны менен жашабайм деген сөзүнө алынып бул жолго баргам. А силердечи эч кандай маселе жокко? Баарын кайтарууга кеч эмес Перизат.
Перизат башын жерге салып, ыйлап чыгып кетти. Бир аздан соң кошунам кирди, мен андан күндө бир маал кирип, муздаткычтан тамак алып берүүсүн сурандым. Байкуш жакшы аял экен дароо маакул болду. Жаздыгымдын астына телефонумду таштап кетиптир. Таап алып, балама коңгуроо кылдым. Суук тийип калганбы кырылдап, жөтөлүп араң сүйлөп жаттым. Жанында Жакшылыгым бар экен, баарын угуптур. Байкуш Эсеним Жакшылыка баарын түшүндүргөн окшойт, балам ыйлап сүйлөштү мени менен. Кечирим сурады, үчөөбүз ыйлап көпкө сүйлөштүк. Анан Эсен Кыргызстанда эле окумай болуп, агасы жеңесин алып кайтмай болду. Сүйүнүчүм койнума батпай сүйүнүп жаттым. Балам бактым, балам бар байлыгым деп бекер айтышпаса керек. Жашоодо эч нерсеге жетишкен жокмун деп адашыптырмын, көрсө менин эң чоң жетишкендигим эки балам тура.
Кошуна аял менден улуурак экен, күндө зериккенде мага кирет ысык бир чыны тамагын көтөрүп алып. Үшүп жатам деп от жагат, бейтааныш эле адамдын мага ушунча камкор болуп жатканы кандай жакшы. Кээде бейтааныш аламдар жакыныңдай сезилет, кээде болсо жакының бирөөдөй сезилет.
Кудайдын мага боору ачыды көрүнөт, кошуна эже памперсимди болбой жатып алмаштырып салат. Мен болсо чечип ылдыйга таштай берет элем, жаңысын эптеп кийчимүн кыйшак кылып. Жууна элегиме канча болуп кетти? Эже мени үйдү жылытып туруп жуунтту да анан атыр себип койду. Ыраазымын, ыраазымын жакшы адам, ыраазымын кудайдын адамы!-деп ыйлап жаттым. Эже болсо урушуп коёт. Эч батына албай койду, менин жашоом тууралу сураганы. Ичимдеги сырымдын баарын төгүп бердим. Ошондон кийин экөөбүз сырдаш болуп калдык. Ушул жашка келип бир дагы курбу күткөн эмес экенмин. Ойлочу элем өзүңдү ушак кылчу адамды эмне кылам деп. Көрсө курбу деген башка тура, кыйындык күнүмдө мен дос жоготпой кайра тапканыма абдан кубанып турдум. Арадан аз эле күн өтүп Жакшылык жубайы менен келди. Балдарым аябай өзгөрүшүптүр, эртеси эле барып келиним баласын төркүнүнөн алып келди. Анын артынан Эсен келди жумуштарын бүтүрүп. Күтүүсүздөн сиңдим менен апам да келди. Баардыгы сүйлөшүп алгандай. Үйдө майрам болуп жатты, жүрөгүм кубанычтан жарылып кетет окшойт. Өзүмө өлүм жазасын өзүм жазып койгонмун, ошого бул көрүнүш коштошуудай болуп жатты. Баары эле эмне ыйлайсың!-деп урушуп кетишет. Сагынычыбыз тарагандан кийин мени врачтарга алып барып жүрүштү. Эң аягында Эсен Америкадагы агайыма алып барып көрсөтөм деди. Жакшылык үй алам деп чогулткан акчасын берди. Мен жалбарып ыйладым, албайм дедим.
—Апа, бул акча сиздин жаныңызда эч нерсе эмес. Биз жашпыз үйлүү болобуз шашпай. Туура бизди ойлоп жатасыз бирок, бул акчага мен үй алып сиз бизди таштап кетсеңиз мен өмүр бою өзүмдү кечире албайм. Апа суранам бул акчаны менин эмген ак сүтүңүздүн бир күндүк акысы деп билиңиз.
Кандай кеп, кандай адамгерчилик, кандай боорукердик, кандай мээрим.? Бул бала менин балам, менин ичимде, жүрөгүмдү кош жүрөк кылып жаткан менин азаматым, баатырым. Балдарымдын мага ушунчалык мээрими күчтүү экенин эми байкадым. Перизат сиңдимдин күйөөсү, күйөө балам да карап турган жок. Эртеси эле беш миң доллар берди жардам!-деп. Баарына ыраазымын, жашоомо ыраазымын.
Визага тапшырып кичине күтүп калдык. Америкага кетүүгө эки күн калганда бир күндө, бир эле саатта Рыспек менен Эрбол эрчишип келишиптир. Эрбол элден озунуп сөз баштады.
—Кларам, ишенсең сендей аялды өмүрүмдө кездештирген жокмун. Өмүрүм башкага байланып турса да, жүрөгүм сеники болду. Мени кечирип койчу, убагында болгон түшүнбөстүктөрдү кечирчи. Сага эч качан жамандык каалаган жокмун. Башка менен кеткен болсоң да таарындым бирок, каргаган жокмун. Сен дагы бактылуу болушуң керек экенин түшүндүм, сүйүүгө балкып жашасын дедим. Бул дүйнөдө бар экениңе рахмат сага.
Бул сөздөр жүрөгүмдү эзди, көзүмдөн даалай тоголок жашты кулатты. Мен эле эмес, жанымдагылар ыйлап жиберишти. Эрболду кучактап акырын кулагына-«мени да кечир»-дедим.
Мынтип баары келип жатса, чын эле өлөм окшойт коштошууга келишиптир!-деп дагы бир жолу түңүлүп калдым.
Уландысы бар.