Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздөгү студенттер көл жээгинде аскердик машыгуудан өтүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда студенттердин аскердик машыгуусу уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы №55 кесиптик лицейдин директору Чыныбек Ажыбеков билдирди.

«Кесиптик лицейлердин уюшулгандыгынын 80 жылдыгына карата «Зарница» аскердик машыгуу көнүгүүлөрүн студенттер аткарып жатышат. Биздин окуу жай райондук аскер комиссариаты менен биргеликте келечек ээлерин мекенди коргоого үйрөтүп жатабыз. Мында студенттер сапка тизилүү, мылтыкты чачып жыйноо менен бир катар көнүгүүлөрдү аткарышты. Биз алдыда мындай машыгууларды дайыма өткөрүп турууну пландап жатабыз», — деди ал.

Ал эми аскер кызматкерлери студенттердин аракетине баа беришти. Машыгууга кыздар да активдүүлүгүн көрсөтүшүп, жарым мүнөткө чейин мылтыкты чачып кайра жыйнашты. Студенттер көл жээгинде аскердик машыгууларды аткарып, спорттук оюндар да өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE