Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздүн Саруу айылында сарай өрттөнүп, 2500 түк чөп күйүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-октябрда Жети-Ɵгүз районунун Саруу айылында көл жээгинде жайгашкан сарай өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерге Жети-Ɵгүз райондук №36 куткаруу бѳлүгүнѳн 1 бѳлүм чыккан. Өрт саат 12:53тө толук өчүрүлүп, учурда себеби такталып жатат.

Өрттүн кесепетинен 2500 түк чөп жана бастырма, 90 чарчы метр темир шифер, 15 даана тактай (стропила), 21 даана рейка, 10 даана устун күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE