Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздүн Оргочор айылында кыргыздын каада-салты даңазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Оргочор айылында жайгашкан М.Тынаев атындагы орто мектебинде «Кыргыз айылы» аталышындагы иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнөн, облустук билим берүү институтунан жана бардык аймактардан коноктор келишти. Анда кыргыз элинин унутта калган каада-салттары, анын ичинде кыздардын беш көкүл чач өрүүсү, жаңы келген келиндин чачын экиге өрүү салттары көрсөтүлдү.

Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнолуп, тогуз коргоол, чатыраш, беш таш, ордо, чики чапмай, ак чөлмөк оюндарынын унутта калып бара жаткан эрежелери айтылды. Аны менен катар атты токуу көрсөтүлүп, жабдыктары тууралуу кененирээк маалымат берилди. Кыргыздын турак жайы болгон боз үй тигилип, анда кыргыздын улуттук тамак-ашынын көргөзмөсү өттү. Боз үйгө кырка тизилген жигиттер «Манас» эпосунан үзүндү айтып, кыздар комузда кол ойнотту.

«Улуттук тамак-аш көргөзмөсүнүн ичинен эң кызыктуусу карын майды ооз тийүү болду. Анда карын майды алгачкы ооз тийүү салты көргөзүлүп, байланган учу отко өрттөлүп, дайым жакшылыктар болсун деген ырым кылынып, кыздын чачын өрүп жаткан апалары колдорун майлашты», — дейт катышуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE