Пример HTML-страницы

Жайылда милиция кызматкерлери 10 чакырымды жөө басып өтүштү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы тез жүрүш (марш-бросок) жасашты.

Бул иш-чара 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулду. Кызматтык күжүрмөн даярдык планы боюнча, өздүк курамга саат 06:45те айгай жарыяланды. Жайыл РИИБдин жетекчилиги кызматкерлердин коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыкчам кызматтык даярдыгын жогорулатуу үчүн өткөрүлдү.

Жыйынтыгында тез жүрүш уюштурулуп, кызматкерлер тоолуу аймакта 10 чакырымды жөө басып өтүштү. Андан кийин полигондо спорттук мелдештер өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында айым кызматкерлер тарабынан даярдалган тамак-аштар өздүк курам менен ардагерлерге берилип, концерт тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE