Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 1187 айдоочу аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-18-апрель күндөрү жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралар өттү. Бир жума аралыгында Ысык-Көл облусунун аймагында жол эрежелерин бузган 1187 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү. Анын ичинен мас абалында автоунаа башкарган 13 айдоочу кармалып, 22 автоунаа айып жайларга токтотулду.

Жалпы түзүлгөн протоколдордун ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган 247, жол белгилерине баш ийбеген 59, автоунааны тиешелүү документтери жок башкарган 11, автоунаа айдоого укугу жок 5, адамдарды ташуу эрежелерин бузган 3, автоунаанын терезесин караңгылатып алган 3 айдоочу жана 25 жөө жүрүүчү болду.

Мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал–маалы менен уюштурулуп өткөрүлүп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE