Пример HTML-страницы

Унутта калып бара жаткан так текеде кол ойноткон Аяна Өмүралиева менен маек

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Аяна Өмүралиева унутта калып бара жаткан так текеде кол ойнотуп келет. Ал бул өнөрү менен шаар күнүндө өткөн сынакта баш байгени жеңип алды.

Өмүралиева Аяна Өмүралиева 2003-жылы 3-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен кыргыз күүсүн угуп чоңойгон Аяна комузга жакын болгон.

«Үйдүн улуу кызымын, менден кийин иним бар. Кичинекей кезимде апам Жанара Өмүралиева үйдөн комуз чертип ырдаганда абдан таасирленчүмүн. «Кийин чоңойгондо мен да ырчы жана комузчу болом» деп ичимден кыялдана берчүмүн. «Аккан арыктан суу агат» дегендей, мен да апамдын жолун жолдоп, ырчылык өнөрдү аркалап келе жатканыма Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

Биздин үй-бүлөдө негизи баардыгы ар кыл өнөрлүү. Бирөөсү кыргыздын салтын барктап, шырдактын түрүн жасаса, экинчиси оймо-чийме жана кыргыз көйнөк даярдап, үчүнчүсү келечек муундарды окутуп, турмуштун даңгыр жолуна багыт берген мугалимдик кесипти аркалап, төртүнчүсү кыргыздын аспабын аздектеп, комузда кол ойнотуп, жаштарга таалим-тарбиясын берип, руханий дүйнөсүн өстүрүп, маданиятка чоң салым кошуп келет, — деди ал.

Бир кезде апасын ээрчир жүргөн кичинекей кыз, учурда чыгармачылыкка жан дүйнөсү менен аралашып жаткан кербези.

«Эң биринчи чоң сахнага 6 жашымда ырдап чыккам. Андан көп өтпөй эле Каракол шаарынын балдар искусство мектебинин отчеттук концертинде комуз менен чоордун дуэтин жасап чыкканбыз. Кичинекей кезимден бери эле музыкага жакынмын. Бала кезимде куурчактарымдын баарын тизип алып, комуз үйрөтчүмүн. Апам дагы комузчу болуп калышыма чоң салымын кошту. 2-классымда балдар искусство мектебинин комуз классына, Гүлнара Байсалова деген мугалимге алып барды. Өзүм абдан тырышчаак, дилгир кыз болчумун. Мугалимимдин эмгеги менен комузду бат үйрөнүп кеттим. Мектепти жалаң «5» деген баага окуп, артыкчылык аттестаты менен аяктадым. Эки жыл өткөн соң кайрадан эле Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайына кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн комуз классында Төлөн Касаболотов агайымда окудум. Бул жактан дагы көптөгөн жетишкендиктерге жеттим. Көптөгөн сынактарга, фестивалдарга кытышып, олжолуу орундарды багындырдым. Мындай деңгээлге жеткениме албетте Толон Касаболотов агайымдын салымы чоң.

2019-жылдан тарта Ак-Суу районунун Маданият үйүндөгү «Боз-Салкын» элдик ыр-бий ансамблинде ырчы-солист, хореограф бийчи болуп, ушу күнгө чейин эмгектенип келем. 2022-жылы Сармерден долбооруна бардым. Музыкалык окуу-жайдын алкагында көптөгөн коомдук иштерге активдүү катыштым. Мэриянын алдындагы жаштар борборунда дагы эмгектендим. 2021-жылы Каракол шаары — КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыялангандагы ачылыш аземинде «Караколум менин сүйүктүү шаарым» аттуу ырын ырдап, эл аралык деңгээлдеги концертке катышып, ардак грамота менен сыйландым. Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинде балдарга комуз үйрөтүп, көптөгөн жетишкендиктерге жеттик. «Кут билим» окуу тарбия комплексинде дагы көптөгөн кыздарды тарбиялап, музыкага болгон жөндөмүн өрчүтүп, колуна комуз карматтым десем жаңылышпайм», — деди ал.

Каарманыбыз комузду 8 жашынан баштап чертип келет.

«Комуз кылынан чыккан кереметүү, таңшандыруучу үнү менен мени кызыктырган. Күүнү дагы жөн эле нота менен ойноп койбостон, ал күүнүн тарыхын, авторун билип, ошол күү жазылган доордо жашап, күүнүн маани-маңызын түшүнүп, күүгө кирип аткарыш зарыл деп эсептейм.

Элибизде «Күүнүн башы — Камбаркан» деп айтылып келет. Камбаркан — эң илгерки күү болуп эсептелет. «Камбаркан» ушунча элге таралгандыктан өзүн сыйлаган ар бир комузчу өзүнүн программасына кошуу керек. Мен дал ушу күүнү мамлекеттик экзаменде чертип, эң жакшы деген баа алып, Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайын дагы артыкчылык диплому менен аяктадым. Таенем: «комузуңду таштаба, комузуң менен барктуусун жана даңктуусун, өнөрүңдү өркүндөтүп багышың керек» деп көп айтат», — деди ал.

Аяна комуз гана ойнобостон, унутта калып бара жаткан так текеде да кол ойното баштады.

«Тактеке — байыртадан келе жаткан комузчулардын чыгармачылыгында кеңири тараган элдик күү. Күүдө жыгачтан кооздоп жасалып, тактайга бекитилген кайберендер, текелер ойнотулуп чертилет. Бир учу текеге байланган жиптин экинчи учу комузчунун оң колуна илинип, аспапты черткенде, кол кыймылына жана күү ыргагына жараша текелер секирип, оюн салат. Мен бул өнөрдү өздөштүргөнүмө 2 ай болду. Бирок бул чек эмес, дагы да изденүүдөмүн. Азыркы учурда так теке ойноткон комузчулар абдан аз. Бул өнөрдү дагы жайылтып, жоготпой сактап калышыбыз керек. Өзгөчө башка өлкөнүн өкүлдөрүнө абдан кызык. Тактекени ойнотуш жеңил деп айта албайм, анткени комузда куу аткарып, текени дагы бийлетүү ар биринин колунан келе бербесе керек. Көптөгөн машыгууларды, эмгекти талап кылуучу өнөр», — деди ал.

Так текени ойногондо эң биринчи күйөрмандары ага дем бергенин айтып өттү.

«Биринчи так текени кичинекей бөбөктөрүмө ойноп бердим. Кызыгуу менен карап, каткырып, теке менен кошо секирип жанымда бийлеп турушту. Аларды көрүп мен өзүнчө сүйүнүп ойнодум. Текенин башы, ар бир дене мүчөсү өзүнчө кыймылдаганда чоң кишилер дагы боору эзилип, күлүп калышат», — дейт өнөр ээси.

Эки ай талбаган эмгегин артында Жолболду уулу Садыр акенин 200-жылдык жана Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракесине арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу IV-этно фестивалынын алкагында өткөн «Так теке» сынагында 1-орунду багындырды.

«Так текени мага Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайынын мугалими Талант Карабаев агайым үйрөттү. Былтыр «Так теке» сынагында устатым катышып, биринчиликти багындырган. Быйыл мен шакирти катышып, биринчиликти багындырдым.

Келечекте өсүп келе жаткан муунга тарбия берип, маданият тармагын бийиктикке алып чыксам деген кыялы бар. Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар» деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Мен дагы кыргыз элимдин маданиятына чоң салымымды кошуп, бийиктикке алып чыгып, жаш өсүп келе жаткан балдарга тарбиямды берсем деп кыялданам», — деп сөзүн жыйынтыктады жаш талант.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE