Пример HTML-страницы

Тоңдун тургуну Кайрат Токталиев сөөлжан багуунун артыкчылыктарын айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылынын 25 жаштагы тургуну Кайрат Токталиев сөөлжан багуу менен алектенет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Учурда айылда багбанчылык менен алектенем. Сөөлжан багууну интернеттен көрүп калып, аябай кызыгып калдым. Өзүң канча жерге кык түшүрсөң, ошончо жерди ээлейт. Күндүн ысыганына жараша суу куюп турам. Жайкысын 3-4 күндө бир суу куюлат. Сөөлжан кыкты жеп бүткөндөн кийин топурагы органикалык жер семирткич болуп эсептелет. Эгин айдаган жерге топурагын аралаштырса, укмуш түшүм берет. 100 пайыз кепилдик. Эң негизгиси биринчи кык керек, экинчи суу керек анан 3-4 күндө бир суугарып туруш керек. Сөөлжанды баккан эң оңой. Сатып алып жатышат. Бир кутусу (ящик) 1500 сом. Бул иштен сырткары багбанчылык менен алектенип, өрүк жана карагат өстүрөм. Келечекте Ысык-Көл облусунун аймактарында таза органикалык биогумус менен бышкан жер-жемиш жана мөмө-жемиштердин жайылуусун колго алгым келет», — деди ал.

Кайрат Токталиев үй-бүлөдө беш бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE