Пример HTML-страницы

Талаадан көмүлгөн абалда табылган эки тургундун өлүмү. Алар эмне үчүн өлтүрүлгөнү белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмышкерлерди издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам өлтүрүүгө шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБге 36 жаштагы А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында Өзбекстан Республикасынын 20 жаштагы жараны С.Ш. — иниси Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү «Достук» өткөрмө бекетинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирген.

Бул арыз Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Мындан тышкары, 18-мартта Араван районунун Ачы айылынын 62 жаштагы тургуну Ш.А. арыз менен кайрылып, анда 17-мартта 36 жаштагы уулу Ж.Т. Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарындагы компьютердик кызматтарды көрсөтүп иштеген жеринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жыйынтыгында дайынсыз жоголду делген 36 жаштагы Ж.Т. «Тураталы» базарынан бир унаага жүргүнчү катары отуруп кеткендиги такталган. Ал отуруп кеткен автоунааны аныктоо учурунда транспортту Ош шаарындагы фирмалардын биринен 1 айга ижарага Өзбекстандын Андижан облусунун Пахта-Абад районунун 28 жаштагы тургуну Т.З. алгандыгы аныкталган.

Бүгүн, 19-мартта 28 жаштагы Т.З. жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 17 жаштагы тургуну О. уулу Ж. кармалышкан.

Тергөө учурунда 17-март күнү болжол менен саат 19:40 чамасында Өзбекстан Республикасынын жараны — 20 жаштагы С.С. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн «Достук» өткөрмө бекетинен чыккан учурда 28 жаштагы Т.З. менен 17 жаштагы О. уулу Ж. ижарага алган көк түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаасы менен өздөрүн такси кызматкери катары көрсөткөн. Андан кийин Т.З. жүргүнчү катары автоунаанын арткы орундугуна отурган. Ал эми унааны О. уулу Ж. башкарып, Ош шаарын көздөй бара жатып, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала айылына жеткенде жүргүнчү катары бара жаткан С.С.дан акчасы бар же жоктугун сурашкан. Ал акчасы жоктугун айтканда, унаанын арткы орундугунда бара жаткан З.Т. кол менен оң тараптан С.С.нын желкесине уруп, акча талап кылган. Андан кийин атайын даярдалган жип менен С.С.ны муунтуп өлтүргөн. Маркумдун жанынан 7000 сом, 100 доллар жана телефонун алышкан.

Андан кийин Ош шаарын аралап, Кара-Суу районунун Фуркат айылы аркылуу, Ош—Бишкек жолу менен Өзгөн районуна жөнөшкөн. Кылмышты жаап-жашыруу максатында жансыз денени Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Шералы айылы менен Жаңы-Кызыл-Суу айылдарынын ортосунда жайгашкан эгин талаага, автоунаа жолунун боюндагы жерге көмүп коюшкан. Андан соң, С.С.нын кол сумкасын ичиндеги буюмдары менен чогуу ошол жерден өрттөп жок кылышкан.

Бул окуя боюнча 19-мартта Кара-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин улантып, 17-мартта «Туратали» базарында ижарага алынган «Хонда Фит» автоунаасы менен өздөрүн кайрадан такси кызматкери катары көрсөтүшүп, Ош шаарынын 36 жаштагы тургуну Ж.Т.ны базардан, жумушунан чыккан жеринен Ош шаарына жүргүнчү катары алышкан. Алдын ала сүйлөшүлгөн шарт боюнча 17 жаштагы О. уулу Ж. рулга отурган. Ал эми Т.З. автоунаанын арткы орундугуна отурган. Жабырлануучу Ж.Т. айдоочунун жанына отуруп, Ош шаарын көздөй жөнөшкөн.

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылына жеткенде автоунааны токтотуп, Ж.Т.дан «бизге акча керек» деп сурашкан. Жабырлануучу «акча жок» деп айткан учурда, шектүүлөр: «анда кеттик» деп, андан ары жолун улашкан.

Жолдо бара жатканда жип менен Ж.Т.ны муунтуп өлтүрүшкөн. Жабырлануучунун жанынан 6000 сом, ноутбук, телефонун, флешкасын алып, маркумдун жансыз денесин Кара-Суу районунун аймагындагы жолдун батыш тарабына, сайдын боюна жерди казып көмүп коюшкан.

Бул факты боюнча 19-мартта Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси(киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда шектүүлөр — 2005-жылы туулган О. уулу Ж. менен 1994-жылы туулган Т.З. күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алып, ЖПКнын 96-беренеси менен Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE