Пример HTML-страницы

Кочкорлук Света Акматова аллергиялык ооруларга каршы самын жасоону үйрөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районуна караштуу Теңдик айылынын тургуну Света Акматова шакар самын жасоону өздөштүргөн. Эми аны жаштарга үйрөтүүнү көздөп жатат.

«Ар кандай айыл чарба долбоорлору менен иштешип жүрүп, эс алууга чыкканда көпчүлүк муктаж болгон буюмду жасоо боюнча ойлонуп жүрдүм. Күнүмдүк тиричиликке самын абдан керек. Бирок дүкөндөрдө самындар көп сатылат. Азыркы учурда аллергия менен жабыркагандар көп болуп жаткандыктан таза самын жасоону өздөштүрдүм. Самындар даарат үчүн, жууну үчүн, дарычылык үчүн жана күнүмдүк керектөө үчүн деп бөлүнөт. Учурда мен бардык самындын түрүн жасап келем. Көбүнчөсү аллергиялык ооруларды алдын алуу үчүн шакар самынын жасоого басым коюп жатам. Мындан сырткары Ат-Башы, Нарын райондорунда самын жасоого кызыккандарга үйрөтөм», — дейт Света Акматова.

Чөптөрдөн жана тундурмалардан кошулуп жасалган самындар адамдын ден соолугуна жакшы таасир берет.

«Самындын 90 пайызы майдан тургандыктан малдын майы, лимон кислотасы жана каустикалык соода керек болот. Ар бирин өз өлчөмүндө кошуп, кайнатып же башка жол менен жасалат. Дүкөндөгү самынды туура тандап алуу керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE