Пример HTML-страницы

Каракол шаарынын мэриясы Бөрү-Баш айыл өкмөтүнөн таштанды жай ачуу үчүн ижарага жер сурап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-апрелде Каракол шаардык мэриясынын Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнө таштанды жай ачуу үчүн ижарага жер сураган кайрылуу каралды.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар таштанды жайын ачууга нааразычылыгын билдирүүдө. Каракол шаардык мэриясы 1 ай мурда таштанды жайы үчүн жер сурагандыгы боюнча айыл өкмөт башчы Абдырахат Жамакеев маалымат берди.

«Каракол шаардык мэриясы таштанды жайы үчүн ижарага жер сурап жатат. Биз жайыт жери болуп саналганы менен колдонулбаган жар болуп турган 80 сотых жерди карап, элге алып чыктык. Жайыт жери деп эсептелген менен ал жер чуңкур, мал жайылбайт. Алар «Таштанды кайра иштетүүчү шаймандарды алып келип орнотуп, жер үчүн 500 миң сом ижара акысын жана кичи заводдон налог төлөйбүз» дешүүдө. Бул учурга чейин биздин Черик жана Бөрү-Баш айылынан чыккан таштандыны Караколдун таштанды жайына төгүп келгенбиз. Эгер жергиликтүү тургундар макулдук беришсе, айыл ичиндеги таштанды да акысыз чыгарылмак», — деди айыл өкмөт башчысы.

Бул сунушка көпчүлүк тургундар макул болушкан жок.

«Чындыгында таштанды жайы бизге кереги жок. Шаардык бар. Колдоно беришсин, каршылыгыбыз жок. Улам бир жерге таштанды жайын ачып, айылдарды кирдеткен кандай болсун. Кооптонгонубуз шаардан ар кандай таштанды келет. Желим баштык, иттин, малдын өлүктөрдүнүн жыты. Бизге экологиялык тазалык керек», — деди айыл тургуну Кубанычбек Айтбакиев.

Каракол шаары учурда Кара-Жал айыл аймагына караган жерде таштанды жайын колдонуп келет. Жергиликтүү кеңештин депутаты Болотбек Ахметов Бөрү-Баш айыл аймагынан таштанды жайын ачуу үчүн буга чейин да кайрылуулар болуп келгенин айтты.

«Мен 2 чакырылыштын депутатымын. Өткөн чакырышта да Каракол шаардык мэриясы жер сурашкан. Анда биз Кара-Жал айыл аймагындагы таштанды жайын тегерете курчаганы менен баштыктар учуп эгин талаасын каптап, бир канча көйгөй болгондуктан берген эмеспиз. Мында да кайрылып жатышат. Таштанды жайы ачылса биздин элдин таштандыны акысыз чыгарып, жерге жана таштанды кайра иштетүү кичи заводу үчүн акы төлөшөт. Ошону менен бизди да «желим баштыктан арыласыңар» дешүүдө», — деди Ахмедов.

Бөрү-Баш айыл аймагында таштанды жайы ачылса ал айылдан 5 чакырым алыс жайгашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE