Пример HTML-страницы

Күнүнө 15 жылкы, 15 уй саап, айыл жашоосунан ырахат алган Махабат Амантурова

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык түйүндүн колдонуучуларына «Улакчы кыз» каймана аты менен таанылган Махабат Амантурова Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылынын тургуну. Ал эс тарткан жеткинчек мезгилден тарта мал-жандыкка жан тартып, жайлоонун турмушун жактырарын аймактык кабарчыга билдирди.

Ат үстүндө улак эңип, кыз куумайга түшкөн Махабат балалык кезиндеги көз ирмемдерди төмөндөгүдөй сүрөттөдү.

«Мен 2002-жылы жарык дүйнөгө келгем, үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Ата-энем мурдатан эле жайлоого чыгып, мал кармап, 3 кыз жана 2 уулга татыктуу тарбия берип келе жатат. Балалык курагымдан тарта жайлоодо чоңоюп, мал аралап жүрдүм. Бутум там-туң басканда эле сарайдагы аттарга кетип калып, ата-энем далай издеген экен. Айтор, күлүк аттар мен үчүн жаралгандай сезим менен мал жандыктардан жылкы баласын өтө кадырлап, жакшы көрөм», — деди ал.

К.Эгембердиев мектебинен билим алган Махабат 9-классты ийгиликтүү аяктап, ашпозчулук кесибин аркалаган. Мектепте 5-класста билим алган мезгилде өз алдынча уй саап, кымыз ачытканды өздөштүргөнүн белгиледи.

«Жаш болсом да, апам бардык үй жумуштарын жасоого үйрөттү. Мектеп жашымда өз алдымча уй саап, бээ саап, кымыз ачытчумун. Жыл сайын Каркыранын Акбаз деген жайлоосуна чыгабыз. Жайкысын күн сайын өз алдымча 15 бээни, 15дей уй саагандан тажабайм. Тескерисинче курут, сары май жасап, каймак тарткандан ырахат алам. Анткени береке деген жайлоодо, айылда болот экен. Шаарда сезондо иштеп тапкан маянаны айылда жашап эки эсе тапса деле болот эмеспи. Бош убактымды жылкыларга арнайм. Күн сайын жалын тарап, астындагы кыкты тазалап, аттарга сый урмат жасаганга аракет кылам. Маселен, жаныбарда сүйлөй турган тили болбогону менен адам баласы менен тыгыз байланышта болот. Мисалы мингич ат катары жаңы үйрөтүп жаткан өтө үркөнчөк аттарга үнүңдү бийик көтөрүп, катуу дабыш менен таптасаң кадимкидей баш ийип, жарым айда моюн бере баштайт. Кийнчерээк куйругун көтөрүп, башын капталга буруп, алдыга көздөй секирип оюн сала баштайт. Аттарды жакшы үйрөтөмбү, айтор айылдаш ага-туугандар кызыңыз атымды мингенге үйрөтүп берсе деп, атама кайрылган учурлар болот», — деди ал.

Күлүк чаап, шамал менен жарышкан айылдын кызы аттан канча жыгылса да көңүлү калбаганын кошумчалады.

«Ат чаап бара жатып кулаган, ат тиштеген жана жылкынын алдында калгап учурлар болгон. Бирок, көңүлүм калмак тургай, тескерисинчк эч коркпостон кайрадан эле ат чаап кез-кезде оюндарга катышып коём. 2018-жылдан бери иш-чараларда кыз куумайга түшүп жүрөм. Эгер улуттук ат оюндарынан улак тартышка кыздар үчүн курама команда түзүлсө, дароо эле топко кошулмакмын. Себеби көк бөрү оюнунун өтө кызыгуу менен кабыл алам. “Кыз балага болбойт” деп, бир да жолу оюнга кошула алган жокмун. Анткен менен 20 литр суюктук бар идишти ат үстүнөн оңой эле эңип кетем, жерде жаткан көк бөрүнүн улагын да эңе алам. Ушундан уламбы “улакчы кыз” каймана ат менен социалдык баракча ачып алгам. Жакшы пикирлер келип түшөт, кез-кезде күлкүлүү окуяларга туш болом. Айрым пикирлерде «болочоктогу жубайым айылга жашайм деген сендей тың кыздар болсо экен» деп тамашалап калышат.

Эми адам болгондон кийин максат, кыял деген болот эмеспи. Азыр колубузда чарба аттар бар, кийинчерек асыл тукум таза кандуу жылкыларды көбөйтүүнү колго алсам деген ойлорум бар. Болгону талыкпай аракет кылып турсак, чоң мээнетибиз орундаларына ишенем.

Ал эми жеке жашоом боюнча келечекте мал чарбасын колго алган, өз ишине тыкан, тың чечкиндүү жигитке жолуксам дейм. Анткени эркектин тың болгону кородогу тазалыктан билинет эмеспи», — деп сөзүн жыйынтыктады М.Амантурова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE