Пример HTML-страницы

Чүйдүн Москва районунда Нооруз майрамын белгилешти

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Чүй облусунун Москва районунда Нооруз майрамында улуттук көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нооруз майрамы Беловодск айылындагы райондун борбордук аянтында өтүлүүдө. Ага райондун акими Ниязбек Козуев баш болгон жетекчилер, маданият үйүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып, тартип сакчылары тарабынан коопсуздук көзөмөлдөндү.

Райондун борбордук аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө өтүлүп жатат. Алгач район акими Ниязбек Козуев жергиликтүү тургундарды куттуктап, маданият кызматкеркерлери, «Ак-Суунун ак элечек айымдары» тобу, окуучулар өнөрлөрүн тартуулашууда. Ошондой эле улуттук көркөм өнөр оюндары өтүлүп, элге акысыз сүмөлөк таратылды. Ал эми сейил бакка 12 жаштагы Артём Подшивайлов апасы Татьяна менен пони атын жетелеп келип, көрүүчүлөрдү көңүлүн бурду.

«Учурда пони 5 жашта. Аны биз Полина деп атайбыз. Майрамга сейил бакка жетелеп келдим. Элдер кызыгуу менен карап жатышат. Атам Андрей үйдө мал чарбасы менен алектенет», — деди Артём.

Ошондой эле азык-түлүк жармаңкеси уюштурулуп, айрым жергиликтүүлөр аймактарда майрамдык салтанатты өткөрүүшүдө. Райондо 12 айыл аймагы бар. Анда көп улуттуу 100 миңге жакын калк жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE