Пример HTML-страницы

Ат-Башынын Ак-Жар айылындагы бөбөктөр англис тилин өздөштүрүп баштады. Бирок бир көйгөй бар

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылындагы «Ак-Жар cезими» балдар бакчасындагы 2 жогорку тайпа орус жана англис тилдерин өздөштүрүп, мектепке даяр болуп калышты.

Бала бакчанын орус тили сабагынын мугалими Бегимай Токторбаева өз демилгеси менен англис тили сабагын дагы киргизип көргөн. Тарбиялануучулар бир айдын ичинде жакшы жыйынтык көрсөтүшкөн.

Бегимай Токторбаева 2 тилди айкалыштырып, «Үй жаныбардары» аталышындагы темада ачык сабак өттү. Сабакка бала бакчанын тарбиячылары жана жетекчи Саида Пазылахунова катышты. Ал балдар англис тилин жакшы өздөштүрүп жатканын, бирок штаттын жоктугу көйгөй болуп жатканын айтты.

«Бегимай англис тилчи, бирок орус тилден сабак өтүп жатат. «Кошумча англис тилин өтүп көрбөйсүңбү?» деп сунуш кылдым. Ал дагы макул болуп, англис тили сабагынан дагы балдарга билим бере баштады.

1-марттан баштап 2 ортоңку жана 2 жогорку тайпага кирип көрдү. Бир айдан кийин “жогорку топ жакшы алып кетти. Ортоңку топ көп илип кете алгыдай эмес” деди. Ошону менен ата-энелердин катышуусунда дагы ачык сабак өттү. Ошондо балдардын деңгээлин билдик. Түстү, санаганды, жаныбарларды айырмалап, билип калышыптыр. Ошондо англис тилине басым жасаш керек экен деген ой келди. Бирок англис тили сабагынан штат жок болгондуктан кыйналып калат экенсиң», — деди Саида Пазылахунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE