Пример HTML-страницы

Алайда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата чоң китеп жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунда Б.Аданбаева атындагы орто мектептин базасында 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата «Бир адамдан бир китеп» аталышындагы семинар өттү. Ага райондогу бардык мектептердин директорлору, мектептин китепканачылары катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган иш-чарага Алай районунун акими Каныбек Апбасов, орун басары Бактыбек Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Таиров жана башкалар катышты. Аталган мектептин 50 жыл мурдагы бүтүрүүчүсү, Гүлчө айылдык аксакалдар сотунун төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн ардагери Үркүнбай Амираев «Эрдик» аттуу чыгармалар жыйнагынын 6 томдугун тапшырды. Ушундай эле китептерди иш-чарага келген коноктор да берди. Райондогу жалпы мектеп директорлору китеп сатып алуу учун 10 миң сом акчалай жардам көрсөтүштү.

Келген коноктор китептер менен таанышышты. Мектеп жамааты тарабынан жасалган эң чоң китеп жана анын ичиндеги жасалгалар семинардын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Мектеп окуучулары тарабынан макал-лакаптар, жаңылмачтар, акыйнек айтышуулар болуп, обондуу ырлар ырдалып, бийлер тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE