Пример HTML-страницы

Жумгалдагы Лама мектебинде ашкана ачылып, башталгыч класстарга ысык тамак бериле баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районунун Лама айылында жайгашкан Лама мектебиндеги окуучуларга биринчи жолу ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу айыл башчы Талант Шарипканов билдирди.

Анын айтымында, мектепте буга чейин ысык тамак берилчү эмес. Быйыл гана долбоор менен ысык тамак бериле баштаган.

Долбоордун башында алгач мектептин эски китепканасы оңдоодон өтүп, ичи ашканага ылайыкталып, керектүү жабдыктар алынган. Бул ишке Каржы министрлиги кошумча 200 миң сом бөлгөн.

Бүгүнкү күндө Лама орто мектебинин 48 окуучусуна ысык тамак берилип, эки ашпозчу жумуш орду менен камсыздалган.

Бул мектепте жалпы 103 окуучу билим алат. Аларга 25 мугалим тарбия берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE