Пример HTML-страницы

Жумгалдагы бала бакчанын кызматкерлери сүмөлөк жасап, элге таратышты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылындагы Ак-Татыр балдар бакчасынын жалпы жамааты 20-март түнү бир казан сүмөлөк даярдап, Нооруз күнү элге таратышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Ак-Татыр» балдар бакчасынын директору Эльзат Турсуналиеванын айтымында, сүмөлөк жасоону алар салтка айлантып алышкан. Жыл сайын райондо боло турган майрамдык салтанатка сүмөлөктү бакчанын жамааты даярдашат.

«Жаңы кирип келген жылыңыздар менен. Биздин жамаат 2 жылдан бери сүмөлөк жасап келебиз. Район эли бизге ишенип, сүмөлөк жасоону тапшырышкан. Эми салтка айлантып жыл сайын жасоону чечкенбиз. Сүмөлөккө мындан мурун тигип койгон буудайдын өнгөнүн, акталган май, ун, мейиз, өрүк, кумшекер жана нават жана башка азыктар салынып, 41 таш кошулуп, түнү бою казанга жакшы тилектерди айтуу менен бышырдык. Негизинен 12 саат бою казанга асылып, мээлүн отко бышышы керек. Нооруз майрамы бул кыргыз элинин жаңы жылы болуп эсептелет. Бул майрамды ата-бабаларыбыз аздектеп, барктап белгилеп келген. Сүмөлөк жасоо дагы эзелтен келе жаткан жөрөлгө. Ал даам ачарчылык учурга туш келген. Мына ушул күнгө чейин бул улуттук тамагыбыз жыл сайын даярдалып, элге тартууланып келет», — деди Турсуналиева.

Жумгал районунун жергиликтүү бийлиги бүгүн, 21-март күнү саат 08:00дө Нооруз майрамына арналып жасалган сүмөлөктөн ооз тийип, жакшы тилектерин айтышты. Чаек айылындагы «Ак-Татыр» балдар бакчасынын жалпы жамааты даярдаган сүмөлөк борбордук аянтка чогулган элге таратылып берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE