Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар боюнча жармаңке уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абадда жумушсуз жүргөн жарандарга жүздөн ашык вакансиялар сунушталды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул жолку бош жумуш орундар жармаңкеси калаада №75 кесиптик лицейинде уюштурулду. Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Назира Жакыпова кесиптик жумуштарга талап күч кенин айтат.

«Жыл сайын Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундар жармаңкесин өткөрүп турабыз. Бул жолу иш-чараны кесиптик окуу жайда өткөрдүк. Себеби, Жалал-Абад аймагында кесиптик жумуштарга талап күч, ваканциялар көп экенин аныктадык. Ошол себептен мында катышкан бүтүрүүчүлөр жумуш менен жеңил эле камсыз болушат. Бүгүнкү күндө 100дөн ашык бош жумуш орундар сунушталды. Алардын басымдуусу ашпозчу, кондитер жана тигүүчү, сантехник керек деген талап менен кайрылышкан. Кээ бир мекемелер жумушчу күчтөр болсо өзүбүз окутуп, үйрөтүп алабыз деген талаптарды айтышууда», — деди ал.

Аны менен катар Жакыпова мындан ары жумушсуз жүргөн жарандар өз кесиби же билимине жараша жумуш орундарын онлайн сайттан карап таап, жумушка орношсо болорун кошумчалады.

Жалал-Абад шаарында 1200дөн ашуун жумушсуз жүргөн жаран бар. Аларды эмгек рыногунда жумуш менен камсыз болуусу үчүн эл аралык уюмдардын колдоосу менен кесипке багытталган окутуулар байма-бай уюштурулуп келет. Бул ирет кесипке багыттаган курсту 100гө чукул адам аяктап, жумушка орношуу алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE