Ваннаны тазалоонун жолдору

https://kyrgyzcha.site/?p=64920&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Ваннаны тазалоонун жолдору

 

Ар бир аялзат үйүн таза кармаш керек. Жуунучу бөлмөнү тазалоо көп убакытты алат. Аларды тазалоонунун жолдорун сиздерге сунуштамакчыбыз.

 

Ваннаны ар бир пайдаланган сайын жууп туруңуз. Эмальданган жана акрил ваннага атайы тазалоочу каражат алган оң. Тазалоочу каражаттын курамында химия аз болгону жакшы.

 

Пример HTML-страницы

Металдуу губка пайдаланбаңыз. Туздуу кычкылы бар куралдардан да баш тартканыңыз оң. Себеби алар эмалды кырып таштайт. Курамында спирт, аммиак, хлор бар тазалоочу каражаттар акрил ванна үчүн зыян.

 

Датты кетирүү

 

Көбүнчө эмалданган ваннаны дат басып кетет. Аны кадимки ашкана содасы менен кетирсе болот. Ал үчүн соданы каптралдарына сүйкөп, 10 мүнөт күтүп туруш керек. Андан кийин дат баскан жерлерди бура (тетраборат натрий) жана уксус кошулмасы менен сүртүңүз. Же болбосо туз менен **** аралаштырып, тактарды кетирүүгө болот.

 

Суу ташы

 

Ваннанын дубалдарын жылуу сууда эритилген нашатырь спирти менен сүртүңүз. 10 мүнөткө калтырып, жууп таштаңыз. Ошондой эле суу ташын лимон ширесинин жардамы менен тазаласа болот. Аны 15 мүнөткө калтырган оң.

 

Акрил ваннаны тазалоо үчүн лимон кычкылы же болбосо уксус керек. 1,5 литр уксус эритиндисин жылуу суу менен толуп турган ваннага кошуп, аралаштырып, түнү менен калтырыңыз. Эртең менен сууну агызып, чүпүрөк менен үртүп таштаңыз.

 

Карарып кеткен жерлер

 

Ваннаны агартуу үчүн дубалдарына уксуска малынган майлыкты жабыштырып, бир нече саатка калтырыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️