Кулактын угуусу акырындык менен жана билинбестен начарлайт. Анын себептери ар түрдүү. Мисалы, кулакта кулкунун топтолуп калышы же кулактын инфекциялык оорусу. Андан башка да бир топ себептери медицина илиминде аныкталган. Аларды билүү менен угууңузду карыганда да жакшы абалда алып жүрүүгө аракет кылыңыз.
Негизги себептери
– Ызы-чуунун таасири (курулуш, рок-музыка, мылтыктын үнү ж. б.)
– Курактык өзгөрүү
– Инфекциялык оору (отит)
– Баштан же кулактан жаракат алуу
– Генетикалык себеп
– Дары-дармектердин (антибиотик, химиотерапия, нурлануу) терс таасири
– Организмдин алкоголь, сымап же никотин менен уулануусу.
Тубаса укпай калгандык эмнеден болот?
1. Кош бойлуулуктун начар өтүшүнөн. Күчтүү токсикоз, бойдон түшүп калуу коркунучу, убагынан эрте төрөө сыяктуу белгилер болсо, бала төрөлгөндөн кийин сөзсүз анын угуусун текшертүү керек.
2. Эненин боюнда бар кезинде аминогликозид антибиотиктерин кабыл алуусу, алкоголь, наркотикалык заттарды колдонуусу да баланын кулагынын тубаса укпай калышына себеп болот.
3. Патологиялык төрөт. Балага кычкылтектин жетпей калышы, убагынан өтүп кеткен же маалына жетпей калган төрөт, кесарево менен төрөө, баланын баш сөөгүнүн жаракат алышы да баланын тубаса укпай калышына себеп болот.
Белгилери
– Башкалар менен пикир алышууда маселе жаралат: алардын сөзүн жакшы укпайт, акырын сүйлөгөндөй туюлат.
– Телевизор, радионун үнүн көтөрүүгө туура келет.
– Кулак зыңылдайт.
– Жанындагы адамдын сөзүн укпай калганда кыжыры келет же ыңгайсыз болот.
– Кулактан кандайдыр бир суюктук агып баштайт.
– Баш айланып, кускусу келет.
Алдын алуу
Кулагыңыздын угуусу начарлай баштаганын байкасаңыз, төмөнкү ыкмаларды колдонуу менен оорунун күчөп кетишинин алдын алсаңыз болот:
– Мурундун бүтүүсү отит оорусуна алып келет. Бул оору угуунун начарлашынын бирден-бир себеби болгондуктан мурдуңузга кызыл кызылчанын жаңы сыгылган ширесинен бир нече тамчы тамызсаңыз, кулакка доо кетирбейт.
– Бадам (миндаль) майынан күн сайын ар бир кулагыңызга 5-6 тамчыдан тамызыңыз.
– Арак менен кызыл пияздын ширесинен бир аш кашыктан алып аралаштырып, күн сайын уктардан мурда кулагыңызга 2 тамчыдан тамызыңыз. Бул процедура 12 күндү түзөт.
– Кулактын угуусу начарлабоосу үчүн күн сайын лимондун төрттөн бир бөлүгүн жеш керек.
– 2 аш кашык кургак укропту 500 мл кайнак сууга салып аралаштырып, жарым саат тыныктырып коёсуз. Суусун тамактанардан бир саат мурда 100 миллиграммдан ичесиз.
Кулакты кантип туура тазалоо керек?
Адистер кулакты айына 2 жолу тазалоо керектигин айтып келишет. Күн сайын тазалоо кулактын ичинин кычышуусуна, кургап кетүүсүнө алып келет жана кулактын кулку иштеп чыгаруусун токтотот. Кулак негизинен өзүн-өзү тазалоого жөндөмдүү. Тамак чайнаганда, күлгөндө, жөтөлгөндө жаак кыймылдап, ошонун негизинде кулак кулкулардан тазаланат. Эгер кулакта кулку көп топтолуп кетсе, аны төмөнкү жол менен тазаласа болот: капталыңыздан жатып, 3 пайыздуу суутек перекисинен 5 тамчыдан ар бир кулагыңызга тамызыңыз. Андан соң 15 мүнөт кулакты өйдө каратып жата туруңуз да, кебез менен тазалап салыңыз. Бул ыкманы күнүнө 3 жолу кайталаңыз. Эгер кулку абдан катуу болсо, дарыгерге кайрылыңыз.
Жаш балдардын кулагын тазалоо
Жаңы төрөлгөн балдардын кулагын 10 күндө бир жолу тазалоо кажет. Бирок абдан этиет болуңуз. Өзгөчө эртең менен эмизгенден кийин оңой тазаланат. Анткени бала эмип жатканда кулкусу өзү эле кулактын оозуна келип калат да, аны марли менен алып саласыз. Ал эми чоңураак балдардын кулагын айына бир жолу тазаласа жетиштүү. Ал үчүн 3 пайыздуу суутек перекисин колдо бир аз жылытып туруп капталынан жаткан баланын кулагына 3-4 тамчы тамчылатасыз. 10 мүнөт жаткандан кийин марли менен кулагын тазалап салсаңыз болот.
Эмне үчүн кулак тазалагыч таякчаларды колдонууга болбойт?
Кулак тазалоо үчүн көпчүлүк базарда, дүкөндө сатылган атайын таякчаларды колдонушат. Бирок алар кулак үчүн кооптуу. Аларды жарага зелёнка, йод сүртүү үчүн колдонсо болот, кулак тазалоо үчүн эмес. Анткени алар төмөнкүдөй кооптуу жагдайларга дуушар кылат:
– Кулактын тарсылдагын жабыркатат. Натыйжада баш айланып, кулак укпай калат.
– Теринин үстүңкү жука катмарында жара пайда болуп, ал аркылуу кулакка инфекция кирет. Мындан сырткы отит оорусу пайда болот.
Кулактын угуусу карыганда эле эмес, кайсы куракта болбосун, начарлай берет. 70 децибелден ашкан үн угуу органын бузат. Ал эми 140 децибелден ашса, ооруга чалдыгып, ал турсун, кулак таптакыр укпай калышы да мүмкүн. Муну алгачкылардан болуп шахтёрлор, куруучулар, учкучтар сезишет.


















































