Пример HTML-страницы

Таластагы сүт заводдордун жетекчилери чогулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-мартта Талас шаарында сүттүн баасы боюнча өндүрүүчү заводдордун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өттү. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Талас облусунда жайгашкан сүт заводдордун жетекчилерин кабыл алды. Анда тараптар сүттүн баасын түшүрбөй кармап туруу маселеси тууралуу өз ойлорун ортого салды. Облус башчысы сүт тапшыруучулар менен болгон жолугушууда убада кылгандай, райондордон жана Талас шаарынан экиден, жалпы 10 адам сүт заводдоруна барып, ал жердеги өндүрүш процесстери менен таанышуу зарылдыгын белгиледи.

Завод жетекчилери мындай демилгени колдоп, сүт тапшыруучуларга заводдорун иш ыргагын көрсөтүүгө макул болушту. Ишкерлер бүгүнкү күндө сүттүн баасы 30 сомдон болуп жатканын айтып, жаз мезгилинде мал жайытка чыга баштаганда жыл сайын сүттүн баасы түшөрүн кошумчалашты. Ошондой эле алар дүйнөлүк кризистин жана Украина менен Россиянын ортосундагы жаңжал ишкерлерге терс таасирин тийгизип жатканын айтышты. Жыйынтыгында сүт тапшыруучулар заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышып чыккандан кийин аталган маселеге дагы бир жолу кайрылып, тийиштүү чечим чыгаруу жагы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE