Пример HTML-страницы

Талас шаарында айдоочуларды даярдоочу мектеп текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарындагы У.Субанов атындагы айдоочуларды даярдоочу мектеп текшерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, айдоочулукка окутулуп жаткан курсанттардын даярдыгын жеринен көрүп, алардын окууга катышуусун текшерүү иштери жүргүзүлдү. Келечектеги унаа айдоочулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында ЖКККБнын кызматкери окуучулар менен жолугушту. Окуунун сапаты, андагы шарттары менен таанышып, окуу жайдын мугалимдери менен бүгүнкү күндө айдоочулардын сапаттуу билим алышы талкууланды.

Аталган окуу жайдын кызматкерлери айдоочулардын окуу залдары, унаа токтогон паркы жана шарттары менен тааныштырды. ЖКККБ инспектору курсанттарга бир нече суроолорду берип, канааттандыраарлык жоопторду алары менен айдоочулук этикага дагы көңүл буруу керектигин эскертти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE