ТААРЫНЫЧ, ӨЗҮМДҮН КИМ ЭКЕНИМДИ УНУТТУРДУ.

https://kyrgyzcha.site/?p=58062&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТААРЫНЫЧ, ӨЗҮМДҮН КИМ ЭКЕНИМДИ УНУТТУРДУ.

 

✅ ТАҢ КАЛЧУМУН.

▪️Эмне үчүн таарынтса боло берет, таарынса болбойт?

▪️ Таарынткандар күлүп жайнап жүрө беришет. Таарынгандар ыйлап жашашат.

▪️ Таарынткандар күчтүү көрүнүшөт. Таарынгандар алсыз сезилишет.

▪️ Таарынтып коюуп кечирим сурашпайт. Таарынып, кечиримге ээ болгубуз келет.

▪️ Таарынтышып тынч укташат. Таарынып, түнкү уйку качат.

 

✅ ТААРЫНГАНГА АКЫМ БАР ДЕЧҮМҮН.

Албетте, таарынтып атса таарынганга акым бар. Ал мени таарынтып атпайбы. Таарынбай койсом адилетсиздик болотко. Ал таарынтып атса, демек ал күнөлүү. Ал мени тапрынтпаса, мен таарынмак эмесмин.

 

✅ КЕЧИРДИМ ДЕП ОЙЛОГОМ.

Кечирдим дейм, бирок кайра эле эстеп кыйнала берем. Жок! Болду! Эстебейм!

Кантип эстебейм? Эстей берет экенминда. Анан эмне эле өзүмдү «кечирдим» деп алдап атам.

 

✅ ШАШПАГЫЛА! ӨЗҮҢӨРГӨ ЖАРАША ЖООП БЕРЕМ ДЕЧҮМҮН.

▪️Таарынтып атабы, мен дагы таарынтам.

▪️ Катуу сөз айттыбы, мен дагы каттуу сөз айтам.

▪️ Көңүл бурган жокпу, мен дагы көңүл бурбайм.

▪️ Кечирбесе, мен дагы кечирбейм.

▪️ Кайдыгер мамиле жасадыбы, мен дагы кайдыгер болом.

▪️ Жакшы мамилеме жаман жооп кылдыбы, мындан ары ал адам үчүн жакшы болбойм ж.б.у.с.

Мына ушундай ойлор менен мен, өзүм дагы, мени таарынткан адамдарга окшошуп баратканымды түшүнүп калдым. Анан кантип мен өзүмдү «туура кылып атам, мен жакшымын» деп айтайын.

 

✅ ТААРЫНЫЧТАН ЧАРЧАП КЕТТИМ.

УФ! ушул таарыныч, мени аябай жүдөтүп жиберди. Таарынып, кечирбей өзүмдүн ким экенимди, эмне максатта жашап атканымды унутуп калдым. Өмүр боюу жашоом таарыныч менен өтчүдөй болуп, тынчым кете баштады.

 

✅ ЭГЕР, ТААРЫНГАНЫМ ТУУРА БОЛСО

▪️ мен кыйналбайт элем,

▪️муңайбайт элем,

▪️тынсызданбайт элем,

▪️кек сактабайт элем,

▪️көңүлүм тынч болмок,

▪️жан-дүйнөм оорумак эмес,

▪️жүрөгүм сыздамак эмес,

▪️текеберденип, өчөшмөк эмесмин.

 

✅ АНАН КАНТИП ТААРЫНЫЧТЫ КОЛДОЙУН?

Мындан ары таарынычты колдобой турган болдум. Менин эң чоң душманым бул таарыныч экенин жүрөгүм менен сезип жеттим. Тааарыныч

▪️ тикен чөптөй сайгылап,

▪️отоо чөптөй жүрөгүңдүн тереңине тамырлап,

▪️ көңүлдү таштай катырып,

▪️ муздай жүрөгүңдү тоңдуруп,

▪️жан-дүйнөңдү үшүтүп, жетим козудай ара жолго таштап кеткен, чыныгы чыккынычы экен.

 

Башында таарыныч

▪️ » таарына бер,

▪️сен таарынышың керек,

▪️сеники туура,

▪️азыр таарынбасаң кийин кеч болот» деп кулагыңа тынбай шыбырап туруп алчу. Таарынычты уккан соң, жүрөгүңдөгү тынчтыкты, жүзүңдөгү сулуулукту уурдап качып кетет.

 

✅ТААРЫНБАЙМ, КЕЧИРЕМ БИРОК ЖОЛ БЕРБЕЙМ.

Мындан ары да мени эч ким таарынтпайт деп айта албайм. Темир эмесмин. Сезимдерим, өз ишин уланта берет эмеспи.

Айткым келгени өмүрүбүз өткүчө, бизди таарынткысы келген адамдарга жолуга беребиз. Эң жакшысы, жашообузду артка тарткан адамдардын сөзүн жүрөккө кабыл албай, таарынбай, кыя өтүп кетүү бул БАКЫТ ЭКЕН. Мага абдан жакты. Болгону, негативке толгон адамдардан алыс болгон туура экен.

 

ТААРЫНУУ ЖЕ ТААРЫНБОО БУЛ БИЗДИН ЧЕЧИМДЕН КӨЗ КАРАНДЫ.

 

? Таарынбайм десек, таарынбайбыз. Таарынам десек, таарынабыз. Кандай чечим чыгарбайлы, өзүбүз үчүн гана чыгарабыз. Бир да жүрөктүн, таарыныч менен кыйналышын каалабайм. Жан-дүйнөңүздөр сүйүүгө толуп, таарынычты жеңип жашоого ЖАРАТКАНЫМ ар бириңиздерге күч- кубат берсин.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️