Пример HTML-страницы

Таңга маал эки жигиттин бири каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Нарын—Торугарт жолундагы кырсыкта жабыркаган жүргүнчү каза болду.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, ал бүгүн, 16-августта таңга маал көз жумган.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 1999-жылы туулган М.И.М. «BMW X5 I (E53)» унаасын Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 34,900-чакырымында күн батыштан күн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдун оң жагына чыгып, оодарылып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен айдоочу М.И.М. жана 1999-жылы туулган жүргүнчү К.Т.Т. Кант шаарындагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ооруканадан билдиришкендей, айдоочу М.М.Исламдын моюнунун оң жак сөөгү жабык түрдө сынган. Абалы жакшы, учурда сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Ал эми жүргүнчү Т.Каниеттин курсагы көкала болуп, ооруканага кесилген жарааты менен түшкөн. Ага операция жасалып, бирок абалы оор бойдон калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE