Төрөттөн кийин 40 кун.

https://kyrgyzcha.site/?p=36848&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ТӨРӨТТӨН КИЙИН 40 КУН

 

Тери

 

Төрөттөн соң аялдын бетинин терисинде күрөң тактар пайда болушу мүмкүн. Бул бөйрөк үстүндөгү бездин көп өлчөмдө гормон бөлүп чыгарышына жана ультра кызгылт көк нурлардын таасирине байланыштуу. Бирок бул тактар төрөттөн бир нече күндөн кийин өзү эле кетет. Же болбосо 100 грамм бадам данегин кайнак сууга салып жумшартып, андан кийин данды жанчып майдалап, ага лимон ширесин жана бир аз суу тамызып аралаштырып, даяр болгон соң бетке жаап, 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салса, беттеги так оңой кетет.

 

Санда, ичте жана жамбашта кызыл сызыктар пайда болот. Бул кош бойлуу кезде теринин чоюлушуна байланыштуу. Анын алдын алуу үчүн кош бойлуулуктун алгачкы айларында терини азыктандыруучу, чоюлчаактыгын жогорулатуучу атайын кремдерди колдонуу керек.

 

Эстроген гормонунун көбөйүшүнөн тери майлуу же кургак болушу ыктымал. Андан улам безетки, кычышуу сыяктуу маселелер жаралат. Мында да кремдер сунушталат.

 

 

 

Чач

 

Төрөттөн кийин чач көп түшө баштайт. Ошондуктан кош бойлуу кезде организмди кальцийге толтуруу керек. Төрөгөндөн 1-2 ай өткүчө чач алсыз болгондуктан чач кургаткычты колдонуу керек эмес. Чачтын түшүүсүнө каршы төмөнкү масканы жасаса да болот: 2 жумуртканын сарысы, 2 аш кашык бал, 2 аш кашык сарымсак ширесин бир идишке салып аралаштыруу керек. Чачты суулап алган соң масканы шыбап, целлофан баштык менен ороп 20 мүнөт кармоо зарыл. Анан жакшылап жууп саласыз.

 

 

 

Тырмак

 

Төрөттөн кийин тырмактын сынбашы, начарлабашы үчүн кош бойлуу кезде витаминдерди кабыл алып, быштак, сүттү көбүрөөк колдонуу керектелет. Ошондой эле төрөттөн кийинки 40 күн ичинде лак койбой, тырмакка ванна жасоо сунушталат.

 

 

 

Тиш

 

Тиштеги өзгөрүү өзгөчө экинчи, үчүнчү баласын төрөгөндөрдө байкалат. Алардын тиши үбөлөнөт. Бул маселе өзүнөн-өзү жок болбойт. Андыктан кальцийге бай витаминдер менен азыктарды кабыл алуу керек. Же болбосо стоматологго кайрылуу шарт. Курамында фтор бар тиш жуугуч паста колдонуңуз. Анткени фтор тиште кариестин пайда болушунун алдын алып, сөөктөрдү бекемдейт. Фтор ошондой эле кара чай менен балыкта да бар.

 

 

 

Келбет

 

Кош бойлуу кезде аял көп салмак кошкондуктан төрөттөн кийин күнүнө 20 мүнөт жөнөкөй көнүгүү жасашы жана тамактануусун көзөмөлдөөсү керек. Майлуу, камыр тамактарды, таттууларды унутуп, сууга бышкан күрүч, пюре, ботко сыяктуу жеңил тамактарды жеши зарыл. Оор нерсе көтөрбөй, күнүнө 30-40 мүнөт физикалык жумуш жасоо да фигуранын калыбына келишине жардам берет.

 

 

 

Эмчек

 

Көлөмү чоңоёт, кызыл сызыктар пайда болот, салаңдап калат. Мунун алдын алуу үчүн кош бойлуу кезде эмчекти бекем кармаган бюстгальтер тагуу керек. Төрөттөн кийинки алгачкы күндөрү болсо бюстгальтер тагуу сунушталбайт. Бул убакта эмчектен бала үчүн пайдалуу болгон коюу, сары түстөгү ууз бөлүнүп чыгат. Андан кийин сүт чыга баштайт. Ошондуктан эмизүү үчүн ыңгайлуу майка, топик кийүү керек. Сүт келген убакта дене табы көтөрүлүп, эмчек оорушу мүмкүн. Бул учурда суюктукту ичүүнү азайтып, күнүнө 1-2 жолу эмчекти саап туруу керек. Эмчектин үрпүн жарылып кетүүдөн сактоо үчүн баланы эмизгенден кийин эмчекти нашатырь спиртинин 0,5%дуу эритмеси же жылуу суу менен самындап 2 маал жууп, тегерегин 1%дуу бор кислотасынын эритмеси менен сүртүп, кебез менен аарчуу сунуш кылынат. Баланы туура эмизүү да чоң мааниге ээ. Эмизгенден кийин эмчекте сүт калса, саап салган жакшы.

 

 

 

Жыныс кыны

 

Жыныс кындын көлөмү акырындык менен кичиреет. Аялдын жыныстык системасы калыбына келгиче, тагыраагы, 1,5-2 айга чейин сексуалдык мамиледе болуу сунушталбайт.

 

Төрөгөндөн 40 күнгө чейин кан келиши белгилүү. Айрымдарда ал 40 күн боло электе эле токтойт. Төрөттөн кийин кадимки этек кирге салыштырмалуу кан көп келет жана акырындык менен мурдагы абалына өзгөрөт. Төрөттөн кийинки алгачкы 6 жумалыкта жатын жана жатын моюнчасы али жыйрыла элек болгондуктан жатынга ооруну пайда кылуучу микроорганизмдер кирип кетиши мүмкүн. Ошондуктан этек кир убагында жыныс кынды күнүнө 3 жолу жылуу суу менен жууп, төрөттөн кийин колдонулуучу атайын прокладкаларды колдонуу керек жана аны ар бир 2 саат сайын алмаштырып туруу шарт.

 

 

 

Жатын

 

Жатын бат жыйрылышы үчүн төрөттөн кийин бандаж тагынуу сунушталат. Ал ошондой эле ичти тартып, булчуңдардын тонусун калыбына келтирет. Жатындын бат жыйрылышы үчүн баланы ар бир эки саат сайын эмизүү керек. Бул учурда окситоцин гормону иштелип чыгып жатын бат жыйрылат. Төрөттөн кийинки алгачкы күндөрү ичке муз койсо, же жатарда көмкөрөсүнөн жатса да жатын бат калыбына келет. Төрөттөн кийин муздак сууга колун салып, же сыртта көп жүргөн учурда аял суукка урунуп ооруп калышы мүмкүн. Муну элде жел кабыз оорусу деп коёт. Айрыкча жаш төрөгөн аялдар кабылышат. Ошондуктан төрөгөндөн кийин 40 күн бою аял өзүн жылуу кармаш керек.

 

 

 

Табарсык

 

Төрөттөн кийинки алгачкы күндөрү табарсыктын тонусу азайгандыктан аял заара ушаткысы келгенин көп сезбейт. Ошондуктан бул күндөрү аял сийгиси келбесе да ар бир эки саат сайын дааратканага барууга туура келет. Болбосо табарсык толуп, жатындын жыйрылышына жана төрөттөн кийин ашыкча заттардын организмден бөлүнүп чыгышына тоскоол болот. Жыйынтыгында ар кандай сезгенүү оорулары пайда болот.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️