Пример HTML-страницы

Түптөгү кийим тигүүчү цехтер чыгымга учурап жатат. Анын себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районундагы кийим тигүүчү ири жана кичи цехтердин айрымдары чыгымга учурап, жумушчулардын айлык маяналары кармалууда. Анын негизги себеби — Кыргызстанда АКШ долларынын куну өсүп, рублдун баасы түшүп кеткенине байланыштуу.

Мындай шартта Түп айылындагы кийим тигүүчү кичи цехтерде эмгектенген жумушчулар айлыгын ала албай, алды 3 аптадан бери күтүп жаткандарын айтышат.

«Биз Түп айылындагы кийим тигүүчү цехте эмгектенебиз. Бул жактан бычылып келген даяр кездемеден кийим-кечелерди тигип, даяр болгон соӊ Россиянын базарына жөнөтүлчү. Мындай шартта иштин ыгын таап, жума сайын айлык алганга көнүп калган элек. Акыркы 3 аптадан бери валюта курсу ойноп, биздин жумушка да түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Биздин цехте иштегендер гана эмес, башка жакта эмгектенген тикмечилердин алды 2-3 аптадан бери айлыгын ала алышпай, крой жок жумушу токтоп жатканын билдиришүүдө. Экономикада стабилдүүлүк орноп, мурдагы калыптагы абалга келсе деп тилеп жатабыз», — дешет тикмечилер.

Учурда «Салкын» кийим тигүүчү цехте 190го чукул кызматкер эмгектенүүдө. Аталган ишкананын жетекчиси Адилет Койчубеков жумушчулардын маянасы 10 күндөн бери кармалып, цехтин ишмердүүлүгү чыгымга учурап жатканын билдирет.

«Азыркы тапта цехте жайкы кийим-кече даярдалып жатат. Товарды Россияга кабыл алган ишкерлер менен түзгөн мурдагы келишимдин негизинде март, апрель айына чейинки жумуш бар болчу. Тилекке каршы, валюта курсунун өйдө-ылдый болуусунан улам бир топ чыгымга дуушар болуудабыз. Мисалы, сырьёну бул жактан доллар менен сатып алсак, жумушчулардын айлык маянасы рубль менен эсептелип келет. Ал эми келишим ээлери Орусиядагы айрым банктар санкцияга киргенин айтышса, экинчи көйгөй товар өтпөй, соода жок болгонуна байланыштуу убагында акча жөнөтө албай жатканын билдиришүүдө. Ушул тапта цехтин кызматкерлерине айлыгын чыгарып берүүгө аракет көрүүдөбүз. Ошондой эле ишкерлер менен акчанын азыркы наркы менен жаӊы келишим түзүүгө сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE