Пример HTML-страницы

Түптөгү келин апасына таштап кеткен 3 кызы көптөн бери зордукталып келгенин айтып, милицияга кайрылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районунда эркек киши жашы жете элек кыздарды көптөн бери зордуктап жүргөнү боюнча маалымат интернетке тарады.

Бул фактыны Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 13-июнунда Түп райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 23 жаштагы жана эки жашы жете элек кызы 2022-жылдан бери Түп районундагы айылдардын биринде таенеси менен жашап жатканын билдирген. Алар айылда жашап жүргөндө кыздардын өгөй таятасы болгон апасынын 67 жаштагы күйөөсү аларды көпкө чейин зордуктап келген.

Бул арыз Түп РИИБи тарабынан КЖБРге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Алдын ала сурак учурунда кармалган адам жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн мойнуна алган эмес.

14-июнда Түп райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата тергөөнүн жүрүшүндө 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE