Пример HTML-страницы

Түптө Нооруз майрамында ат оюндары уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районунда Нооруз майрамы белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө аксакалдар бата берип, алас айтылып, үрөн себүү көрсөтүлдү. Андан кийин иш-чарага катышкандар сүмөлөк ооз тийип, бийчилер өнөрүн тартуулады. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дүйшөбаева майрамдын катышуучуларын куттуктап, эмгектин алдыңкыларына ардак грамота жана ыраазычылык каттарды тапшырды.

Иш-чара концерттик программа менен уланып, ал «Манас» айтуу менен башталды. Түп районундагы С.Орозов атындагы музыкалык мектептин жааматы, маданият үйүнүн кызматкерлери ыр-күүлөрдү тартуулашты. Иш-чаранын экинчи бөлүгү ат майданда уланып, ат оюндары уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE