СУЮК ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=62294&preview=true Пайдалуу кеңештер.

СУЮК ЧАЧКА КАМ КӨРҮҮ

 

Аялзатынын көркү – чач экени талашсыз. Канчалык узун жана калың болсо, ошончолук көрк тартуулайт эмеспи. Бирок бардыгынын чачы мындай боло бербейт. Чачыңыз суюк жана жансыз болсо эмне кылуу керек?

СЫРА ЖАНА ЖУМУРТКА

1 даана жумуртка менен 50 грамм сыраны аралаштырып нымдалган чачка сүйкөө керек. Целлофан баштыкча менен ороп, 30 мүнөт кармоо сунушталат. Андан соң жылуу суу жана жумшартуучу каражатты колдонуп чайкап салыңыз. Эгер сыранын жыты кыжалат кылса, лимон кошулган арак менен чайкаган оң. Адатта, чачыңыздагы сыранын жыты 1-2 сааттан кийин өзү эле жоголот. Бул масканы 10 күндө бир кайталап туруу жакшы натыйжа берет.

КАРТОШКА МАСКАСЫ

Пример HTML-страницы

Бир чоң даана картошканы сүр­гүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып алуу керек. Ага эки кашык алоэ ширесин аралаштырыңыз. Муну чачтын түбүнө жакшылап сүртүңүз. Маска чачта 1 саат кармалат. Натыйжалуу болуш үчүн 7 күндө бир кайталап туруу сунушталат.

ЛИМОН

Кээ бирөөлөрдүн чачтары суюк жана алсыз болушат. Мындайда чачтын түбүн бекемдөө жана майдын ашыкча бөлүнүп чыгуусун азайтуу үчүн лимон мыкты каражат боло алат.

Ал үчүн бир лимондун ширесин сыгып алабыз. Ширенин өлчө­мүн­дөй суу кошуп аралаштыруу керек. Эми даяр болгон суюктукту чачка сүйкөп, чач түптөрүн 5 мүнөт укалоо зарыл. Андан соң кадимки суу менен чайкап коюңуз. Лимон бактерияларды өлтүрүүчү жана майдан арылтуучу касиетке ээ болгондуктан, айрым учурларда шампундун ордуна да колдонууга мүмкүн.

СУЛУ ҮЛПҮЛДӨГҮ

Сулу үлпүлдөгү даамдуу жана пайдалуу тамак гана эмес, чачтын бекемделишине өбөлгө түзүүчү каражат дагы.

3 аш кашык сулу үлпүлдөгүнө кастор майы жана 100 грамм сүт кошуп маска жасалат. Бул масканы нымдалган чачка жаап, 20-30 мүнөт кармоо абзел. Андан соң жылуу суу жана шампунду колдонуп жууп салыңыз. Чачтарыңыз дароо бекемделе түшкөнүн сезесиз.

Эскертүү! Чач табигый түрдө абада кургаганы оң. Фенди көп колдонуу чачтын майлануусун тездетет жана жансыз болушуна алып келет.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️