Сууга түшүүдөгү сактык чаралары

https://kyrgyzcha.site/?p=69609&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Сууга түшүүдөгү сактык чаралары

 

Жай айы башталгандан тартып адамдар ысыктан коргонуу үчүн сууга, көлгө, бассейн, көлмөлөргө барып түшө башташат. Бирок ошол эле учурда коргонуу чараларын эске алышпайт. Мунун кесепетинен сууга чөккөндөрдүн саны өсүүдө. Көбүнчө балдардын катышуусундагы коркунучтуу окуялар көп катталат. Сууга түшкөндө өзүң кандай сактана аласың?

 

Сууга чөккөн – бул жардам тууралуу кыйкыруу деп ойлобоңуз. Сууда тартип эрежелерди эсте сактоо жана өзүңүздүн тегерегиңиздеги адамдарды да байкап жүрүү маанилүү. Эсиңизде болсун, эгерде сууда ойноп жана түшүп жаткан балдардын ызы-чуусу тынчып калган болсо, дароо ага жардам көрсөтүү керек. Болуп кетиши мүмкүн жагдай үчүн өзүңүздү өмүр бою күнөөлөгөнчө, сак жүргөн туура.

 

Суунун ичинде жүргөндө кантип сактануу керек?

 

Сууга чөккөн учурларды алдын-алуудагы 9 негизги эреже:

 

1) Белгисиз жана башка адамдар жок жерде сууга түшкөнгө болбойт. Сууга түшүүчү жерлер атайы коопсуздук эрежелерине ылайык тандалып алынат. Өзөндүн же көлмөлөрдүн тереңдиги тайыз болот, эч качан жээктен эле терең болуп кетпейт. Таштар жана таштанды темир-тезектен тазаланган жер болуш керек.

 

2) Суунун өңүнө жана жытына көңүл бөлүңүздөр (суунун тунуктугу 1 метрдей болуш керек). Бала менен бирге жаныбарлар түшкөн көлмөлөргө кирбеңиз. Өрдөк жана башка куштар сүзүп жүргөн суулар адамдарга кооптуу болушу мүмкүн.

 

3) Кичинекей балдар чоңдордун коштоосу менен гана түшүшү кажет. Ар дайым балдардан көз айрыбай, алардын суудагы жүрүш-турушун көзөмөлдөңүз. Эч качан балдар бири-биринин колу, бутун кармабаш керек, болбосо суунун ичине бири-бирин тартып, суу жутуп алуулары мүмкүн. Ал эми адамдын өпкөсү 10 секундда эле сууга толуп калат.

 

4) Баланын сууда болуу убактысын аз-аздан 5-7 мүнөттөн баштап көбөйтүңүз, дененин муздашына жол бербеңиз. Кандай гана жагдай болбосун жаш балдар сууда 15 мүнөттөн ашык, ал эми жаш өспүрүмдөргө жарым саатан ашык түшкөнгө болбойт.

 

5) Сууга түшөрдө кем дегенде тамактангандан кийин 45-50 мүнөт, 10-15 мүнөт машыгуу керек.

 

6) Балдарды эртең менен же кечинде (11ден же 16га чейин — бул убакыт күн катуу тийет, сууга түшпөй туруш керек) сууга түшүрүңүз. Күн катуу тийбей, сунун температурасы 20 градус, ал эми абанын температурасы 24тү кармап турганда түшкөн жакшы;

 

7) Суу станциялары, плотина, пирстер, паромдук порттор жана башка гидротехникалык курулуштардын жанында ар түрдүү кечелерди жана иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө болбойт. Гидротехникалык жумуштар жүрүп жаткан жерде өзгөчө жарылгыч заттарды (салют) жардырууга катуу тыюу салынган.

 

8) Белгисиз жерде сууга түшүп жана секирүүгө болбойт, себеби түбүндө өмүргө коркунуч туудурган заттар болушу мүмкүн.

 

9) Сууда сүзүп бара жаткан кеме, кайык, моторлуу кемелерге жакын сүзүп барууга болбойт. Орточо жана чоң сүзүп бара жаткан суу транспорттору (кеме, теплоход ж.б) толкун жасап жана жанында сүзүп жаткан адамды суунун түбүнө тартат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️